Түркиянын Бодрум аймагында Эгей деңизиндеги уланып жаткан жер титирөөлөрдөн улам мүмкүн болгон цунамиге эскертүү берүү үчүн сирена системасы ишке киргизилди.
Бул тууралуу NTV Haber басылмасы Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар жана жаратылыш кырсыктарына каршы күрөшүү башкармалыгына (AFAD) шилтеме берүү менен маалымдады.
Аймакка Түркиянын ар кайсы провинцияларынан AFAD куткаруучулары жөнөтүлдү. Ошондой эле, Сеферихисар, Дидим жана Датча сыяктуу жээк аймактарында тургундарды эскертүүчү системалар орнотулду.
Эгей деңизинде январдын аягынан бери жер титирөөлөр уланып жатат. Айрыкча Грециянын Санторини (Тира) аралынын жашоочулары силкинүүлөрдү сезишкен.
AFADдын маалыматына ылайык, Түркиянын жээгине жакын акыркы жер титирөө 140 км. аралыкта катталган. Силкинүүлөр Колумбо суу астындагы вулканынын аймагында байкалган. Агенттиктин билдирүүсүндө, Эгей деңизиндеги сейсмикалык активдүүлүктүн кесепеттери Түркияга жетиши мүмкүн экени жана өзгөчө Колумбонун атылышы цунами коркунучун жаратышы мүмкүн экени белгиленген.