Экономикалык Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ТИМ башчылары Иранга чогулушту

Экономикалык кызматташтык уюмуна (ЭКУ) мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлеринин 28-жыйыны Ирандын Мешхед шаарында 20 чет элдик делегациянын катышуусунда өттү.

Жыйынга ЭКУга мүчө мамлекеттердин тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери, аймактык уюмдардын, ошондой эле адистештирилген мекемелердин, аймактык институттардын жана ЭКУнун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

ЭКУ 1985-жылы Иран, Пакистан жана Түркия тарабынан мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү максатында түзүлгөн. 1992-жылы ага жети жаңы өлкөнү, анын ичинде Тажикстан, Афганистан, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанды кабыл алуу менен анын мүчөлөрүнүн саны 10го жеткен.

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчинин төрагалыгы астында өтүп жаткан иш-чара ЭКУга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык алакаларды бекемдөөгө багытталган.

Аракчи өз сөзүндө ЭКУга мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.

«Иран Ислам Республикасы жыл ичинде Экономикалык Кызматташтык Уюмуна жетекчилик кылды жана бул маанилүү аймактык уюмдун маанилүү максаттарын алдыга жылдыруу үчүн өзүнүн күч-аракетин өжөрлүк менен багыттап, аймактын жана ЭКУга мүчө өлкөлөрдүн элдеринин жыргалчылыгын өнүктүрүүгө умтулду», – деди министр.

Жолугушуунун катышуучулары соода, инвестиция, жашыл экономика, санариптештирүү, энергетика, азык-түлүк коопсуздугу, экология, айыл чарба жана транспорт чөйрөлөрүндө аймактык кызматташтыкты бекемдөө боюнча маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Соода-экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү, анын ичинде ЭКУ мейкиндигинде экономикалык өсүштүн жаңы жолдорун издөө боюнча сунуштар каралды. Жыйындын жүрүшүндө кеңештин иш программасы бекитилип, ЭКУнун катчылыгынын жана адистештирилген органдарынын ишмердүүлүгү боюнча отчеттор кабыл алынып, 2025-жылга бюджети бекитилди жана Ирандын ЭКУдагы төрагалыгынын жыйынтыгы чыгарылды.

Ошентип 2025-жылы төрагалык Казакстанга өткөрүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында көп тармактуу аймактык кызматташтыкты бекемдөө боюнча стратегиялык демилгелер жана практикалык кадамдар белгиленген Мешхед коммюникеси кабыл алынды.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багаи ЭКУнун Тышкы иштер министрлеринин 28-жыйынынан кийин Х соцтармактагы баракчасына билдирүү жасап, Иран уюмга мүчө болгон мамлекеттердин экономикалык тилектештигине жетишүү жана региондун бардык элдеринин экономикалык жыргалчылыгынын деңгээлин жогорулатуу үчүн Экономикалык Кызматташтык Уюмунун  потенциалынан көбүрөөк пайда көрүүгө чечкиндүү экенин ырастады.