Эксперт: «ИМ-Хорасан» Ооганстандагы эң ири террордук топ

Ооганстандык профессор Анвар Юлдошевдин айтымында, учурда Ооганстанда 20дан ашуун террористтик топтор бар. Алардын эң чоңу «ИМ-Хорасан» 2015-жылы түзүлгөн жана  6 миңдей согушкери бар. Анын айтымында, Ооганстандагы дагы бир «Таухид ва Жихад» тобунун лидерлери негизинен өзбектер.

Талибан 2021-жылдын 15-августунан бери бүткүл Ооганстанды көзөмөлдөп, өлкөнүн кайрадан терроризмдин очогуна айланышына жол бербей турганын айтканы менен, ИМдин Хорасан ячейкасы олуттуу коркунуч бойдон калууда.

Ооган эксперти Анвар Юлдашевдин айтымында, учурда Ооганстанда 20дан ашуун террористтик топтор бар. Алардын ичинен эң чоңу ИМ-Хорасан, 6000дей согушкери бар.

ИМ-Хорасан 2015-жылы Ооганстанда түзүлгөн. Топтун ичинде башка топтор да бар. Алардын арасында Имам аль-Бухари тобу (өзбектерден куралган), Жабхат ан-Нусра жана Чыгыш Түркстан ислам кыймылы бар. Алар ИМ-Хорасандын бир бөлүгү. Кошумчалай кетсек, 2014-жылы Сириянын Идлиб шаарында пайда болгон «Таухид ва Жихад» тобунда 3000ден ашуун согушкер бар, алардын лидерлери негизинен өзбектер», – дейт ал.

Дагы бир ооган эксперти Сухроб Буроновдун айтымында, БУУ жана Ооганстанга кызыкдар өлкөлөр ИМ-Хорасан Ооганстанда аракеттерин улантып жатканын ырастап жатышат.

«Ооганстанда ар кандай теракттарды уюштуруп жаткан бул топ коңшу региондогу мамлекеттерге таасир этпейт жана коркунуч жаратпайт деген кепилдик жок. Тактап айтканда, 2022-2023-жылдар аралыгында бул террордук топ Пакистан менен Орусиянын Ооганстандагы элчиликтерине, ошондой эле кытайлык инвесторлор менен мейманканага кол салууларды уюштурган», – деди Буронов.

https://youtube.com/watch?v=fCiEEbGkBYA%3Ffeature%3Doembed

Саясат таануучу Камолиддин Раббимов белгилегендей, “ИМ-Хорасан” Ооганстандагы эң ири террордук топ болгону менен, анын ресурстары жана реалдуу бийликке ээ болуу мүмкүнчүлүгү өтө чектелүү.

«Бүгүнкү күндө Ооганстанда өлкө толугу менен талиптердин көзөмөлүндө жана анын атаандашы ИМ-Хорасан. Алар маал-маалы менен талиптерге каршы экенин көрсөтүү үчүн ар кандай террордук актыларды жасап жатышат. Бирок бул топтун ресурстары жана мүмкүнчүлүктөрү өтө аз болгондуктан, ал жашыруун, ичинен иш алып барат. Алардын штаб-квартирасы кайда экенин билсе, талиптер кол салаары анык. Бул топ региондогу өлкөлөргө коркунуч туудурат деп кароого болбойт», – деди Раббимов.

4-5-сентябрда Ташкентте Шанхай Кызматташтык Уюмунун жана КМШнын Терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча аймактык контртеррордук түзүмүнүн конференциялары өтүүдө. Жыйында сөз сүйлөгөн Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизов ШКУга мүчө өлкөлөрдү ИМ-Хорасанга каршы күрөштө Ооганстанды колдоого чакырды.

«Ооган өкмөтү өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнүн жана ресурстарынын негизинде эл аралык терроризмге каршы күрөшүп жатат, ооган чалгын кызматы ИМ-Хорасанга каршы күрөштү жетектеп, белгилүү натыйжаларга жетишүүдө. Ошондуктан душманга каршы биргелешип күрөшүүбүз керек. Бул күрөштө Ооганстанга жардам берүү маанилүү, анткени каршы чаралардын алсызданышы террористтердин күчөшүнө алып келет, бул өз кезегинде аймактын коопсуздугуна коркунуч келтирет”, – деди генерал-лейтенант Абдусалом Азизов.

Комментарий жиберүү