Эксперт: Ирандын өзөктүк объектисиндеги авария АКШ тарабынан координацияланган

Израилдик саясий серепчи Эди Коэн Иран кемесин бутага алууну жана Натанз объектиндеги аварияны АКШ координациялаганы талашсыз деп билдирди.

Бул тууралуу  “Al-Alam” каналына шилтеме берүү менен “Eurasia Today” агенттиги маалымдайт. “Иран кемесин бутага алуу жана Натанз объектисиндеги авария АКШ менен толук макулдашылып ишке ашырылгандыгына шек санабайм”, – деп билдирди Коэн.

Анын айтымында, АКШ Натанз окуясын билгендиги боюнча далилдүү жана жаңы маалыматтар бар. “Кытай Иран менен келишимге кол койгону АКШга чоң сокку болду. Байдендин өкмөтү Иранга аябай капа болду, ал тургай ачууланып жатат, ушундан улам бул иш-аракет көрүлдү”, – деди ал.

Эске салсак, 11-апрелде Ирандын Натанздагы уран байытуучу заводунда авария болуп, анын электр бөлүштүрүүчү түйүнү иштебей калган. Ошол күнү эртен менен Ирандын өзөктүк энергия боюнча агенттигинин расмий өкүлү Бехруз Камалванди авария болгонун тастыктап, бул окуяда эч ким жабыркабаганын жана айлана-чөйрөгө зыян болбогонун айткан.

Тегеран окуяны теракт деп атап, ал үчүн Израилди айыптоодо. Израиль бийлиги бул боюнча азырынча билдирүү жасай элек. 7-апрелде Израилдин куралдуу күчтөрү Кызыл деңизде ирандык кемеге сокку урганы кабарланган.

Комментарий жиберүү