Экс-депутат динин өзгөрткөндөргө кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү сунуштады

«Мыйзам долбоорунда прозелитизмге тыюу салуу камтылган, бирок ал үчүн эч кандай жоопкерчилик жок»

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу бир динден экинчи динге өткөндүгү үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңеште “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына диний чөйрөдөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорлорун кароодо билдирди.

Ал мыйзам долбоорунда прозелитизмге (башкаларды өз динине бурууга аракет кылуу) тыюу салуу камтылганын белгилеп, бул үчүн жоопкерчилик барбы деп сурады.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жок деп жооп берди.

Турсунбай Бакир уулу динди алмаштыруу үчүн Малайзияда болгондой кылмыш жоопкерчилигин киргизүү керектигин айтты.