Электрондук капчыктан акча уурдаган шылуундар. Видео

Окшош мазмун

https://youtube.com/watch?v=-Xni6fv5RrM%3Fshowinfo%3D0%26theme%3Dlight%26autohide%3D1%26rel%3D0%26wmode%3Dopaque

Кыргызстанда заманбап технологияларды колдонуу менен алдамчылык фактылары көбөйүүдө.
Мында алар акыркы технологияларды, анын ичинде жасалма интеллектти (үндү бурмалоо), ошондой эле психологиялык таасир этүү сыяктуу өзгөчө ыкмаларды колдонуп жатышканын Улуттук банктын өкүлү билдирди.

Шылуундар социалдык тармактардын мессенжерлерин, жарнама жайгаштырган сайттарды, жаңы телефон номурларын колдонушууда. Өзгөчо видео трансляция аркылуу жарандардын жеке маалыматтарын уурдап алуулар күч алган.

Жалпысынан Кыргызстанда телефон шылуундары жарандарга дээрлик 49 млн сомдук зыян келтиргенин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын БШИИБнын IT технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштар менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Акрам Кадыржанов билдирди.

Кибер кылмыштуулук менен акча уурдагандардан кантип коргонсо болот? Бул боюнча адистер жарандарды сак болуу менен шектүү шилтемелерди ачпай, күмөндүү телефон чалууларга ишенбөө же шашпай , ойлонуп жооп берүүнү сунушташат.

Соңку учурда социалдык тармактарда “инвестициялык долбоорго каражат сал” деген чакырыктар аркылуу да жарандардын акчасын уурдап алган учурлар катталууда.

Мындан улам жарандар өзүнө сак болуп, кандай болбосун жеке өзүнө таандык маалыматтарды, картанын номерин, ПИН-кодун, SMS-билдирүү коддорун үчүнчү жактарга бербөөгө чакырат. Анткени алдамчылардын жалгыз максаты — кандай жол менен болбосун сиздин жеке маалыматтарыңызга кирүү.

Өзүңүздөргө сак болуңуздар!

Жарыяланды Uncategorized

Комментарий жиберүү