Эл аралык кылмыш сотунун ордери: Борбор Азия өлкөлөрү Нетаньяхуну камакка ала алабы?

Эл аралык кылмыш соту 21-ноябрда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну жана бул өлкөнүн мурдагы коргоо министри Йоав Галантты кармоого ордер чыгарган. Экөө тең 2023-жылдын 8-октябрынан 2024-жылдын 20-майына чейин жасалган “адамзатка каршы кылмыштар жана согуш кылмыштары” боюнча шектелүүдө.

Нетаньяху өзү Эл аралык кылмыш сотунун айыптоосу абсурд жана жалган, ал эми камакка алуу чечими антисемиттик деп билдирди. АКШ президенти Жо Байден израилдик саясатчыларды камакка алууга ордер берүүнү чектен чыккан көрүнүш деп атады.

Израиль Рим Статутунун катышуучусу болбосо да, Гаагадагы соттор бул учурда алар тиешелүү юрисдикцияга ээ деп эсептешет. Себеби, Газа тилкеси менен Иордан дарыясынын Батыш жээгинен турган, бир бөлүгү Израилдин көзөмөлүндөгү Палестина аймактары соттун юрисдикциясын таанышат.

Эл аралык кылмыш соту

Бүгүнкү күндө 1998-жылы кол коюлган Рим статутун 124 мамлекет ратификациялаган. Сот Гаагада жайгашкан, бирок анын бөлүмдөрү тергөө жүрүп жаткан өлкөлөрдө ачылган. Израилден тышкары, Эл аралык кылмыш сотунун юрисдикциясын, атап айтканда, АКШ (кол койгон, бирок кийинчерээк кол коюуну кайра чакыртып алган), Орусия (кол койгон, бирок ратификациялаган эмес) жана Кытай (статутка кол койгон эмес) тааныбайт.

Эл аралык кылмыш соту ордер берген кишилерди өз алдынча кармап кете албайт. Мындай жардамды ал 124 мүчө өлкөсүнөн күтөт.

Биньямин Нетаньяху статутка катышкан өлкөлөрдүн бирине барса, чындап эле камакка алынабы же жокпу азырынча белгисиз.

Камакка алуу ордери Эл аралык кылмыш сотунун юрисдикциясын кабыл алган бардык мамлекеттер үчүн милдеттүү болуп саналат.

Борбор Азия 

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстанга Нетаньяху келсе, өзбек бийликтери тарабынан камакка алынбай турганын Республиканын Тышкы иштер министрлиги Qalampir.uz сайтынын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

“Өзбекстан Эл аралык кылмыш сотунун чечимдерин аткаруу боюнча жоопкерчиликти өзүнө алган эмес. Бул боюнча тиешелүү документтер ратификацияланган эмес. Ушундан улам Өзбекстанда Эл аралык кылмыш соту чыгарган ар кандай камакка алуу же камоо ордерлерин аткаруу боюнча эч кандай милдеттенме жок”, — деди Тышкы иштер министрлигинин өкүлү.

Ошол эле учурда Нетаньяхунун Өзбекстанга сапары Жакынкы Чыгыштагы согуш аяктамайынча күтүлбөй турганы белгиленген.

Региондогу калган өлкөлөр: Кыргызстан, Казакстан жана Түркмөнстан да Рим статуту боюнча келишимди ратификациялаган эмес. Тажикстан 2000-жылы Эл аралык соттун Рим статутун ратификациялаган жана Эл аралык кылмыш сотунун мүчөсү болгон Борбор Азиядан жалгыз өлкө.

Европа 

Бир катар Европа өлкөлөрү Гаагадагы соттун чечимин аткарууга даяр экенин билдиришти.

Евробиримдик (ЕБ) өлкөлөрү Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун камакка алынышы боюнча Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) ордерин аткарууга милдеттүү, антпесе бул кош стандарттын көрүнүшү болорун Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл билдиргенин Reuters агенттигни жазды.

Ошол эле учурда Евробиримдиктин дипломатиялык кызматынын башчысы анын чакырыгы АКШга тиешелүү эмес экенин белгиледи.

“АКШ башка. Алар Рим статутуна кол коюшкан эмес. Бирок Евробиримдиктин бардык өлкөлөрү ага кол коюшкан, ошондуктан алар үчүн Эл аралык соттун буйругун аткаруу милдет”, – деди Боррел.

Швейцария Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өлкөгө келсе, Эл аралык кылмыш сотунун  ордерине ылайык камакка аларын Швейцариянын Юстиция министрлиги убада кылды.

Ушундай эле билдирүүнү Нидерланд жасады. Тышкы иштер министри Каспар Велдкампр парламентте сүйлөгөн сөзүндө Нидерланд Эл аралык соттун чечимин сыйлай турганын жана Рим статутун толугу менен аткарарын билдирди.

Ирландиянын премьер-министри Саймон Харрис Нетаньяху менен мурдагы коргоо министри Йоав Галанттын камакка алынышына ордер берген Эл аралык кылмыш сотунун чечимин Ирландия аткарат деп билдирди.

Россия

Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Нетаньяху менен Галанттын камакка алынышы боюнча Эл аралык соттун ордерине комментарий берген жок. Ал ТАСС агенттигинин суроосуна жооп берип жатып, Кремлдин өкүлү мындай чечимдер Россия үчүн эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес деп түшүндүрдү.

Түркия

Түркия Эл аралык кылмыш сотунун Нетаньяху менен Галанттын камакка алынышына ордер берүү чечимин колдой турганын өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоган билдиргенин Anadolu агенттиги жазды.

Иран

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен мурдагы коргоо министри Йоав Галантты камакка алууга ордер берген Эл аралык кылмыш сотунун (ICC) өкүмү жетиштүү адилеттүү эмес, Нетаньяху өлүм жазасына тартылышы керек экенин Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи билдирди.

Араб дүйнөсүндөгү өлкөлөрдөн азырынча Иордания гана Эл аралык соттун чечимине реакция жасап, чечимдин урматталышын жана аткарылышын каалай турганын билдирди.

ХАМАС

Палестиналык ХАМАС кыймылы Эл аралык кылмыш сотунун Нетаньяху менен Галанттын камакка алынышын кубаттай турганын жана бул кадамды маанилүү тарыхый прецедент деп эсептей турганын билдирди. Кыймыл бардык өлкөлөрдү Нетаньяху менен Галантты сот жообуна тартууда Эл аралык кылмыш соту менен кызматташууга чакырды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *