“Евразия тудей” маалымат агенттиги тарабынан уюштурулган кезектеги тегерек стол “Эмнеге “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран” темир жол долбоору көп жылдардан бери ишке ашпай келатат? Бул реалдуу долбоорбу же кайсы бир сырткы күчтөр бут тосуудабы?”,- деген темага арналды.
Кытайдан башталып, Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу Иранга чейин жеткен, андан ары Прес булуңуна жана дүйнөлүк океанга чыгууга жол ачкан темир жол курулуп калса, ага катышкан мамлекеттерге кандай пайдасы бар жана башка өлкөлөргө экономикалык жана саясый жактан таасир этеби?
Бул теманы талкуулоого экономисттер жана эксперттер, Баткен облусунун экс-губернатору, коопсуздук жана экономика маселелери боюнча эксперт Айжигитов Султанбай Абдрашитович, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин кыргыз-кытай факультетинин дүйнөлүк экономика жана аймак таануу кафедрасынын доценти Садыгалиев Уран Качкеевич, М. Рыскулбеков атындагы кыргыз экономикалык университеттин алдындагы Илимий-изилдөө инновациялык институтунун башкы илимий кызматкери Сайфудинов Бекмамат Нурмаматовичтер катышышты.
Уран Садыгалиев: – Бул долбоордун өзү көп жылдардан бери ишке ашпай, курулушу башталбай жаткандыгынын бир нече себептери бар. Алардын бири эки тараптуу мамилелердин түзүлбөгөндүгү, мисалы, айталы Кыргызстан менен Өзбекстан ар кандай долбоорлорду сунуштап, бир пикирге келе алышпай жатат. Албетте, Иран, Кытайдын глобалдык позициялары бар. Бир четинен Россиянын да кызыкчылыгын унутпашыбыз керек. Албетте, Россия бул долбоорго катышпаган менен дүйнөдөгү мунай жана газдын кору боюнча биринчи, экинчи орундарды ээлеген мамлекет катары жана эбегейсиз мунай жана газ коруна ээ Иран экөөсү бул долбоорду кызыкчылыгына жараша тездетип же тескерисинче токтотуп да коё алат. Кытайдын болсо “Бир кур, бир алкак” деген долбоору бар экендигин эске алганда, алардын канчалык деңгээлде кызыкчылыгы бар деген суроо жаралат. Бир эксперт “Кытайдын пландарында эмне жазылгандыгы белгисиз”,- деп айткандай, Кытайдын канчалык деңгээлде кызыкчылыгы бар жана болсо да ал кандай? Негизи эле бул жөн гана Кытайдан Иранга чейин Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу өткөн темир жол эмес. Бул эң оболу Каспий, Кавказ Азия чөлкөмдөрүн камтыган ири долбоор жана факторлор камтылган.
Бекмамат Сайфудинов: – Менимче бул долбоордун ишке ашпай жаткандыгын “бир нече жыл” эмес, “бир нече ондогон жылдар” деп атасак туура болмок. Анткени аталган долбоордун идеясы өткөн кылымдын 70-жылдары башталган. Ал тургай ал авторлор ким экендигин да билем. Ошол авторлордун бири менин окутуучум, Кыргызстандагы белгилүү экономист Шайлообек Мусакожоев болгон жана ал Кыргызстан аркылуу өтүүчү үч вариантты иштеп чыккан. Бирок кийин 2008-жылы бул темир жолду куруу зарылчылыгы кайра көтөрүлүп, жаңы варианттар жазыла баштаган. Деги бул долбоор реалдуубу же реалдуу эмеспи? Албетте, реалдуу. Эң облу темир жол кимге керек? Бизге керекпи? Керек? Өзбекстанга керекпи? Керек. Казакстанга керекпи? Жок. Россияга керекпи? Жок. Кытайгачы? Кытайга керек. Түркмөнстанга да керек. Себеби Перс булуңуна чыгууга мүмкүнчүлүгү жаралат. Ирандын көз карашы белгисиз. Андыктан темир жол кимге керек болсо, ошол мамлекеттер күчүн, каражатын чогултуп, кура башташ керек. Эгер негизги кызыкчылыгы болгон жана курулуш иштери жүрө турган Кыргызстан менен Өзбекстан чечүүчү ролду ойнойт. Менимче Өзбекстандын акчасы жетет. Албетте, Кыргызстандын акчасы жок болгон менен кайра эле бирөөдөн карызга акча алса болот.
Султанбай Айжигитов: – Менимче бул экономикага караганда геосаясат үстөмдүүлүк кылган маселе. Ошондуктан анын чечилиши геосаясый жагдайга көз каранды. Бир учу Кытайдан башталып, экинчи учу Ирандан бүтүп жатпайбы. Андыктан геосаясатты да ушул аралыктан алып кароо керек. Кытайдын эмне кызыкчылыгы бар? Биринчиден, эң оболу Ыраакы Чыгыштын мунай кендерине жол ачууну көздөйт. Эгер Кытай Иранга эле жетип алса, андан ары Түндүк Африка жана башка мунай кендерине жетип, өзүнө арзан мунай жана газ кендерин ала баштайт. Ал эми бүгүнкү күндө Кытайдын экономикасы дүркүрөп өнүгүп, дүйнөдөгү №1 мамлекетке айланып жаткандыгы талашсыз. Өз кезегинде бул темир жол долбоору Кыргызстанга да, Өзбекстанга да, Түркмөнстанга да кызыктуу жана пайдалуу. Бир жагынан Азербайжанга да пайдалуу. Өзгөчө Түркмөнстанга пайдалуу жана мунайы менен газын сатып алган мамлекеттерге түз жеткирүүгө шарт түзүлөт. Айтор долбоорго катышкан баардык мамлекеттердин кызыкчылыгы бири-бирине дал келет. Бирок дүйнөлүк державалар АКШ менен Россиянын кызыкчылыгы кандай?
Эгер тарыхка кайрыла турган болсок, бир чети бул Улуу Жибек Жолунун бүгүнкү көрүнүшү. Өз кезегинде Ак, Алтын ордолор жана Темирлан аталган соода кербенин көзөмөлдөөгө умтулуп, бири-бири менен согушуп келген. Айтсак, Темирлан Улуу Жибек Жолун көзөмөлдөй баштаганда Алтын Ордо аны өзүнө буруп, Астрахань аркылуу өткөрүү аракетин жасаган. Бүгүнкү күндө деле байыркы мезгилдегидей геосаясат жүрүп, Россиянын кызыкчылыгы болбогондуктан, бут тосууга аракет кылууда. Бул жерден Россия Түндүк жолун курууну көздөп, өз кезегинде Казакстан менен кызыкчылыгы дал келүүдө. Ал эми АКШ эмнеге каршы? Себеби анын негизги атаандашы Кытайдын өнүгүүсүнө өтө ыңгайлуу шарт түзүлүп жаткандыктан, сөзсүз ал да бут тосууга аракет кылат. Кытайдын “Бир кур, бир алкак” долбоору бир гана кургак жер аркылуу эмес, деңиз да жолу болуп саналат.
Бул жерде коопсуздук маселесин да эске алып коюу керек. Ошондуктан темир жолдун колеясы көп жылдардан бери талкууга алынып, чечилбей келатат. Баарыбызга белгилүү болгондой, Кытай менен мурдагы Союздук республикалардын темир жол колеясы эки башка. Демек, Кытай үчүн эгер зарылчылык жаралып калса, армиясын чек арадан кайра башка темир жолго салып жүктөгөнгө көп убакыт жана каражат талап кылынат. Бирок Борбор Азия мамлекеттери Кытайга эмес, тескерисинче Кытай бизге аскердик коркунуч жаратуусу мүмкүн болгондуктан, бул жерде биз Россия менен тилектешпиз.
Андыктан Кытай кандайдыр бир деңгээлде бизге көз каранды болуп, эгер Иранда да тар колея болсо, ал Түркмөнстанга көз каранды болуп, бул түркмөндөргө ыңгайлуу. Себеби темир жолду токтотуп, жүктү башка поездге салыш үчүн кошумча жумушчу күчү, акча, жумуш орду пайда болот. Бул эң оболу Кытай, Россия, Иран сыяктуу чоң мамлекеттердин ортосунда чечиле турган маселе.
Ал эми темир жолду салып коюу кыйынчылык деле жаратпайт, ал техникалык гана жумуш. Болгондо да азыркы техника өнүккөн заманда жарым жыл болбосо да, 2-3 жылда жолду салып, баардык инфраструктураны түзүп койсо болот. Жогоруда айтылгандай, Кыргызстан бул темир жолдон зыян тартпайт, болгону пайда көрөт. Бирок ошол улуттук, мамлекеттик кызыкчылыгын канчалык коргой алат жана ал эмне менен байланышкан? Болгону бизден темир жол өтүп, андан ушунча акча алабыз деген гана жөнөкөй көз караш менен жашап келебиз. Тилекке каршы биздин өкмөтүбүз бул маселе менен алектенбейт, саясатчыларыбыз шайлоо, бийлик талашуу менен эле убара. Мисалы, Кытайдан бирөө келип, ушундай кылалы десе, оо болду деп кол коюп салабыз, анын артынан Россиядан башка бирөө келип, болбойт десе, кайра артка кете беребиз.
Бекмамат Сайфудинов: – Султанбай Абдрашитович туура айтат, темир жолдун кллеясы биринчи кезекте коопсуздук маселеси болуп саналат. Мисалы, Гитлер СССРге кол салганда, чек арадан поезддери өтө албай, бир нече убакыт токтоп калып, убактысы менен каражатын кетирген.
Султанбай Айжигитов: – Ооба, бул мезгилде советтик партизандар немистерди талап-тоноп, өлтүрүп. Айласын кетирген.
Уран Садыгалиев: – Туура, коопсуздук маселеси баарынан жогору турат. Достук мамиледеги Кыргызстан менен Өзбекстан бир эле колеяга макул болору белгилүү.
Султанбай Айжигитов: – Жогоруда айтылгандай, экономикалык жактан алганда көйгөй жок эле. Бирок геосаясый алкакта караганда, көптөгөн пикир келишпестиктер жаралат жана аны улуу державалар гана чече алат.
Даярдаган Эмилбек МОМУНОВ.