АКШ Баграм базасынан бардык ачкерлерин чыгарып кетти. Ооганстанда абал кандай болот?

Америкалык аскерлердин бардыгы Афганистандын баш калаасынын түндүгүндөгү Баграм аба базасынан чыгып кетишти.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар АКШнын жогорку даражалуу чиновнигине шилтеме жасап билдиришти.
Бул жаңылык АКШнын жана башка НАТО аскерлеринин Афганистандан чыгып кетиши тууралуу божомолдор айтылгандан кийин жарыяланды.
АКШнын Улуттук коопсуздук кызматынын кабарчысы Женнифер Гриффин бул маалыматты тастыктап, Твиттердеги баракчасына АКШ аскерлери Афганистандагы Баграм авиабазасынан чыгып кеткенин жазды.
Маалыматка ылайык, АКШнын Афганистандагы эң ири аскер базасы “Баграм” ооган коопсуздук күчтөрүнө өткөрүлүп берилет.
Баграм авиабазасы Кабулдан 20 км. түштүктө жайгашкан жана АКШнын Афганистандагы эң ири аскер базасы.
Ошондой эле, акыркы жыйырма жыл ичинде чет элдик күчтөрдүн, командалык жана аба операцияларынын негизги базасы болуп келген.
Эскерте кетсек, Америка Кошмо Штаттары жана НАТОнун башка мүчөлөрү 2001-жылы Америкада жасалган 11-сентябрдагы кол салууларга жооп катары Афганистанды басып алышкан жана ошондон бери бул өлкөдө аскердик катышуусун жана оккупациясын улантып келишкен эле.
Вашингтон жана анын союздаштарынын акерлеринин Афганистандан чыгаруу процесси 2020-жылы АКШ менен Талибандын ортосундагы “тынчтык келишимине” кол коюлгандан кийин башталган.
АКШ Афганистандан аскерлерин чыгарып баштагандан бери Талибан кыймылы өлкөнүн көптөгөн аймактарына үстөмдүк кылып, ал тургай өлкөнүн Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш аймактарына чейин кирип келди. Эксперттердин айтымында, өлкөдө абал туруктуу эмес жана жакынкы айларда Талибан бийликти колго алышы мүмкүн деген божомолдор айтылып жатат. Ошондой эле, эл аралык коомчулук Афганистандагы абал боюнча ар кандай пикирлерди билдирип жатышат.

Комментарий жиберүү