Эмне үчүн Трамптын Иранда режимди алмаштыруу планы ишке ашпайт?

Акыркы күндөрү дүйнө коомчулугунун көңүлүн Венесуэланын президенти Николас Мадуронун жубайы менен кошо өз үйүндө Американын аскерлери тарабынан кармалып, уурдалып кетишинен тышкары Ирандагы базар соодагерлери баштаган нааразычылык акциялары бурууда. Бирок айрым Иранга кас өлкөлөрдүн бийликти кулатуу аракети ишке ашкан жок. Бул жагдай тууралуу жаңылыктардын алып баруучусу, программалык директор жана медиа жаатындагы окутуучу Жасим Аль-Аззави  өз пикирин төмөндөгүчө билдирди.

АКШ Президенти Дональд Трамптын Ирандын коопсуздук күчтөрү тынч демонстранттарды өлтүрсө, АКШ «демонстранттарга жардам берүүгө даяр экендигин»  айткан билдирүүсү өзгөчө катуу угулду. Андан 24 саат өтпөй жатып, америкалык атайын күчтөр Каракаска чабуул жасап, Венесуэланын президенти Николас Мадурону өз үйүнөн кармап, Нью-Йоркко алып келишти. Ал жакта ага «наркотерроризм» боюнча айып тагылып, иши сотко өттү.

Өз администрациясы Венесуэлада коркутууларын ишке ашыра аларын көрсөтүү менен Трамп Ислам Республикасына болгон психологиялык басымды күчөттү. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи бул билдирүүнү «акылсыз жана кооптуу» деп атады. Бул Иран өкмөтү үчүн ачык эскертүү экени айдан ачык болду.

Күчтүү аскердик инфраструктура

Венесуэлага интервенциянын ишке ашканы эмне үчүн АКШнын Иранга ушундай кийлигишүүсү мүмкүн эместигин көрсөтүп турат.

БЧБ (ЦРУ) Каракаста жарым жыл бою операцияга даярданып иш жүргүзгөн. Атайын кызматтын Мадурого жакын агенти болуп, ал президенттин жүрүш-турушун көзөмөлдөөгө жардам берген. Ишемби күнү таң эрте америкалык истребителдер Каракастын жана анын айланасындагы аскердик объектилерге аба соккуларын жасашты. Андан кийин АКШнын атайын күчтөрү Мадурону резиденциясынан уурдап кетүү үчүн жөнөтүлгөн.

Операциянын ийгилигине Венесуэланын аскерлеринин тартипсиз абалда болушу жана Мадуронун негизги союздаштары — Россия менен Кытай — аны дээрлик жалгыз калтырышы өбөлгө түздү.

Алты ай мурун Иран өзүн оңой менен кулатууга мүмкүн эместигин ачык көрсөткөн. Июнь айында Израиль менен болгон 12 күндүк жаңжалда Тегерандын алсыз жактары да, туруктуулугу да айкын болду.

Израилдин күтүүсүз чабуулдарынын натыйжасында Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (КСИР) айрым таасирдүү жетекчилери жана ирандык өзөктүк илимпоздор жок кылынганына, ошондой эле Израилдин психологиялык операцияларына — ар кандай аткаминерлерге жана жогорку даражалуу аскерлерге Израил тарапка өтпөсөңөр өлөсүңөр деген коркутууларга — карабастан, Ислам Республикасы тайсалдаган жок.

АКШнын Ирандын жер алдындагы өзөктүк объектилерине бункер бузгуч бомбалар менен жасаган соккулары да режимди солкулдата алган жок. Ага жооп катары иран аскерлери жүздөгөн ракеталарды учуруп, Израилдин «Темир күмбөз» абадан коргонуу системасын бузуп өтүп, аскердик буталарга сокку урду.

Бул туруктуулук режимдин тышкы шоктордон өз ыктыяры менен обочолонушу менен түшүндүрүлөт. КСИРдин курулуш, телекоммуникация жана экспорт тармактарындагы миллиарддаган долларга бааланган кеңири бизнес-империясы жогорку командачылыкка идеологиясына карабастан режимди сактап калууга түздөн-түз жеке кызыкчылык жаратат.

Иран аймактагы эң ири армияга ээ: активдүү жана резервдеги аскер кызматкерлеринин саны 1 миллионго жетет. Бир гана КСИРдин курамында кеминде 150 миң адам кызмат өтөйт, алардын көбү Жакынкы Чыгыштагы согуштук аракеттерге катышкан. Мындан тышкары, жүз миңдеген туруктуу жана резервдеги мүчөлөрү бар «Басиж» ыктыярдуу кошууну бар.

Иранга басып кирүү Венесуэлага караганда кыйла татаал болмок, ал тургай Ирандын тоолуу рельефин жана ири шаар аймактарын эске алганда, Ирактагы интервенция менен да салыштырууга болбойт.

Мындан тышкары, Кытай менен Россия Венесуэлага караганда кыйла маанилүү өнөктөш болгон Иранды таштап кетиши күмөн. Тескерисинче, алар Иранга заманбап технологиялар менен курал-жарак берип, саясий колдоо көрсөтүп, аны эл аралык деңгээлде калкалашы ыктымал.

Социалдык чыңалуулар

Акыркы күндөрү Иранда экономикалык кыйынчылыктарга байланыштуу массалык нааразылык акциялары өтүп жатат. Бирок АКШ менен Израиль муну мүмкүнчүлүк катары көрүп жаткандай болсочу — бул андай эмес болушу мүмкүн.

Бул башаламандыктар 2022-жылдагы митингдердин деңгээлине жете элек. Курмандыктардын саны тынчсыздандырат — акыркы күндөрү 20 нааразылыкка чыккан адам өлтүрүлгөн, — бирок режимде көзгө көрүнөрлүк жаракалар байкалбайт. Маселен, КСИРдин ичинде режимдин кулашына алып келиши мүмкүн болгон дезертирлик фактылары катталган жок.

Тарых көрсөткөндөй, тышкы агрессия коомдорду бөлгөндөн көрө көбүнчө бириктирет. Бул жай айларында ирандыктардын Израилдин өз өкмөтүнө каршы тукуруусуна алдырбаганы менен айкын болду.

Катаал репрессиялык ыкмаларга карабастан, Тегеран бийлиги демонстранттардын айрым тынчсыздануулары негиздүү экенин да моюнга алды. Ишемби күнү Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи «базар соодагерлеринин нааразычылыгы… негиздүү» экенин айтып, өкмөт «маселени чечүүгө аракет кылып жатканын» билдирди.

Албетте, Ирандагы кризис чыныгы: олуттуу экономикалык төмөндөө жана инфляция, өзөктүк программалар боюнча пикир келишпестиктер, жогорку лидердин ден соолугунун начардыгы жана бийлик мураскерлиги маселеси режим ичинде ажырым жаратышы мүмкүн.

Бирок булар жай жүрүп жаткан кризистер, Венесуэладагы операция негизделгендей ачык алсыз жерлер эмес. Иран өкмөтү күчтүү институционалдык негиздин аркасында кырк жылдык санкцияларга, чыр-чатактарга жана ички толкундоолорго туруштук берип келди.

Демек, Венесуэлага болгон интервенция АКШнын мүмкүнчүлүктөрүнүн чектерин көбүрөөк көрсөтөт, башка бир өлкөдө — мисалы, Иранда — эмнелерди жасоого болорунун үлгүсү боло албайт. Трамп кыйраган мамлекеттерде, Венесуэладагыдай, айрым лидерлерди обочолондуруп же бийликтен четтете алат. Бирок ал жана анын генералдары Иран сыяктуу татаал өлкөнү көзөмөлдөп, өзгөртө алышпайт. Мындай ар кандай долбоор сөзсүз түрдө аймакта Ирактагыдан да кеңири жана узакка созулган башаламандыкка жана кан төгүүгө алып келет.

Бул макалада айтылган пикирлер авторго таандык жана «Аль-Жазира» жана iran.ru редакцияларынын расмий көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.