Түркияда 23-апрелде болуп өткөн 6,2 баллдык жер титирөөгө байланыштуу президент Режеп Тайып Эрдоган Стамбулдун табигый кырсыктарды башкаруу башкармалыгында (AFAD) жыйын өткөрдү.
Anadolu агенттигинин жазганына караганда, жыйынга өлкөнүн бир катар министрликтеринин башчылары катышкан.
Жыйынга айлана-чөйрөнү коргоо, урбанизация жана климаттын өзгөрүүсү боюнча министри Мурат Курум, жаштар жана спорт министри Осман Ашкын Бак, ички иштер министри Али Йерликая, саламаттыкты сактоо министри Кемал Гюловер жана Стамбулдун тиешелүү өкүлү Давут Гүловер жана башка өкмөттөгү маанилүү кызматта иштегендер катышты.
«Координациялык кеңешмеде биз акыркы маалыматтарды алдык, жер титирөөнүн кесепеттерин азайтуу боюнча көрүлгөн жана жасала турган кадамдарга баа бердик жана алдыдагы процесс боюнча керектүү тапшырмаларды бердик», – деди мамлекет башчысы жыйында сүйлөп жатып.
Президент координациялык жыйында акыркы маалыматтарды алып, жер титирөөнүн кесепеттерин азайтуу үчүн жасалган жана жасала турган кадамдарга баа берүү менен алдыдагы мезгил үчүн керектүү тапшырмаларды берген.
Анын айтымына караганда, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер титирөө болгон шаарларда эч кандай көйгөйлүү кырдаал болгон эмес.
Мамлекет башчысы жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жок экенин баса белгиледи.
“Биздин жарандарыбыз ишенсе болот. Өкмөт бардык түзүмдөрү менен 24 сааттык даярдык абалында болуп, өлкөбүздүн жыргалчылыгы үчүн бардык чараларды көрүүнү улантууда”, – деп билдирди президент.
Буга чейин Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая Мармара деңизинде саат 12:49да күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө 13 секундага созулуп, жер титирөөнүн очогу 7 чакырымдай тереңдикте болгонун билдирген.
Анын билдиргенине караганда, инфраструктура жана электр линияларында көйгөй катталган эмес. Имараттардын урап түшкөнү же жабыркагандар да болгон эмес.

Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш Стамбулдагы жер титирөөдөн кийин уюмдун имаратында маалымат жыйын өткөрдү.
«Ушул кыйын учурда түрк мамлекети жана эли менен толук тилектешпиз»,- деди БУУнун баш катчысы.
Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Түркиядагы кыргызстандыктарга кайрылды
Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги 23-апрелде Стамбул провинциясынын Силиври районунда жана Бүйүкчекмеже районунда болгон жер титирөөлөргө байланыштуу окуяларга тыкыр көз салып, кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.
Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, табигый кырсыктын кесепетинен кыргызстандыктардын арасында жабыркагандар жана олуттуу кыйроолор тууралуу маалымат түшкөн эмес.
Буга байланыштуу министрлик Стамбул жана анын айланасында жашап жаткан кыргызстандыктарга сабырдуулукту сактап, жергиликтүү бийликтин жана өзгөчө кырдаалдар кызматынын көрсөтмөлөрүн так аткарууну сунуштайт.
Мындан тышкары, кырсык болгон учурда кыргыз жарандары Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугуна кайрылса болот. Анткени башкы консулдук маалыматты ыкчам алуу үчүн Түркиянын бийлик органдары менен дайыма байланышта жана зарыл болгон учурда жарандарга жардам көрсөтүүгө даяр.