Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Индиянын Пакистан аймагына жасаган соккусунан кийинки күчөгөн чыңалууну талкуулады.
Ошол эле учурда түрк лидери Исламабад менен тилектештигин билдирип, каза болгон пакистандыктардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айткандыгын
Anadolu агенттиги жазды.
Маалыматта белгиленгендей, тараптардын сүйлөшүүлөрүндө Индия менен Пакистандын ортосундагы кырдаалдын курчушу, 6-майга караган түнү болгон кол салуу жана анын өнүгүшү жөнүндө сөз болгон.
Түрк президенти Пакистандын тең салмактуу саясатын колдоорун айтып Исламабаддын Джамму жана Кашмирдеги террордук чабуулду ачык жана объективдүү эл аралык иликтөө демилгесин колдоп, Анкаранын Түштүк Азиядагы эскалациянын алдын алууга мүмкүн болгон салымын кошууга даяр экендигин билдирди.
Анын айтымында, Анкара Пакистан менен Индиянын ортосундагы мындан аркы эскалацияга жол бербөө үчүн бардык зарыл болгон аракеттерди жасоого даяр жана бул маселе боюнча дипломатиялык байланыштар уланат.
Эске сала кетсек, 6-майда Индия Пакистанга бир катар ракеталык, абадан жана артиллериялык сокку урган. Буга Пакистан жооп кайтарууга убада берди. Кырдаалдын курчушуна 22-апрелде Индиянын Кашмир аймагында болгон террордук кол салуу себеп болгон.
Эки өлкөнүн ортосундагы чыр-чатактар 1947-жылдан бери маал-маалы менен болуп келе жатат. Бул убакыттын ичинде үч чоң согуш жана көптөгөн атышуулар болгон.
Индия менен Пакистан да өзөктүк державалар болгондуктан кырдаал өзгөчө коркунучтуу. Ошол эле учурда экөө тең чоң мамлекеттер болгондуктан дүйнөлүк лидерлер эки өлкөнү тең сабырдуулукка чакырып, дипломатиялык жол менен маселени чечүүгө үндөп жатышат.
БУУнун маалыматы боюнча Индиянын калкынын саны 1,5 миллиард адамга жакындап баратат. Ал эми Пакистандын калкы 250 миллионго жакын.