2023-жылдын күзүндө Израилдин анклавдагы аскерий операциясы башталгандан бери Газа тилкесинде күн сайын 25тен ашык бала каза болууда.
Бул маалыматтарды БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Палестинадагы өкүлү келтирди.
“Согуш башталгандан бери Газада күн сайын каза болгон балдар менен өспүрүмдөрдүн саны 27ге жетти”, – деп билдирген эл аралык уюмдун өкүлүнүн сөздөрүн Al Jazeera телеканалы келтирди.
Анын айтымында, учурда Газа тилкесинде 16 000 палестиналык бар, аларды шашылыш түрдө анклавдын сыртына тез арада дарыланууга жөнөтүү керек.
“Шашылыш медициналык жардамга муктаж болгондордун арасында 4000 бала бар”, – деди ЮНИСЕФтин өкүлү.
Ал ошондой эле Газадагы согуштун натыйжасында 39 миң бала жетим калганын кошумчалады.
Эске салсак, 18-мартта Израиль армиясы Газа тилкесинде согуштук аракеттерди кайра баштап, ХАМАСты АКШнын ок атышпоону узартуу жана Газадагы барымтадагы 59 кишини бошотуу боюнча жаңы сунушун четке какты деп айыптаган. ХАМАС өз кезегинде Израилди январь айында жетишилген алгачкы келишимди бузду деп айыптаган.