ЮНИСЕФ: миллиондогон оогандык кыздар үч жылдан бери билим албай жатышат

Ооганстанда жаңы окуу жылынын башталышы кыздардын орто билим алуусуна тыюу салынганына үч жыл толду.

Бул тууралуу бүгүн БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) аткаруучу директору Кэтрин Рассел билдиргенин БУУнун расмий сайты билдирди.

Ал бул чечим миллиондогон ооган кыздарынын келечегине зыян келтирерин эскертти.

Ооганстанда окуу жылы өлкөнүн хижрий күн календары боюнча жаңы жылдын биринчи күнү башталат, ал үстүбүздөгү жылдын 21-мартынан кийин болот.

ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, быйыл биринчи жолу орто мектепти баштамак болгон дагы 400 000 кыз бул укуктан ажыратылып, билим алууга тыюу салынган жаш ооган кыздарынын жалпы саны 2,2 миллионго жетти.

Тыюу 2030-жылга чейин күчүндө кала турган болсо, төрт миллиондон ашык кыз башталгыч класстан тышкары билим алуу укугунан ажыратылат.

“Анын кесепети ооган кыздары үчүн жана бүтүндөй өлкө үчүн катастрофалуу”,- деди Рассел.

ЮНИСЕФтин башчысы тыюу салуунун кесепеттери Ооганстандын саламаттык сактоо системасына, экономикасына жана келечегине терс таасирин тийгизерин баса белгиледи.

Расселдин айтымына караганда, кыздар канчалык аз билимдүү болсо, алардын жашы жете элек турмушка чыгуу коркунучу ошончолук жогору болот жана бул алардын жыргалчылыгына жана ден соолугуна терс таасирин тийгизет.

Мындан тышкары, өлкөдө квалификациялуу аял дарыгерлердин жетишсиздиги курчуп, адамдардын өмүрүнө коркунуч тууларын, ошондой эле кыздар жана аялдар керектүү медициналык жардам, колдоо ала алышпайт деген пикирин билдирди.

ЮНИСЕФтин эсеби боюнча, бул кошумча 1600 эненин өлүмүнө жана 3500дөн ашуун ымыркайдын өлүмүнө алып келет.

“Бул жөн эле сандар эмес, алар жоголгон өмүрлөрдү жана бузулган үй-бүлөлөрдү билдирет”, – деп баса белгиледи БУУнун Балдар Фондунун башчысы.

“Эгерде жаркын, акылдуу жаш кыздар билим алуудан ажырай берсе, анын кесепети муундан-муунга да тиет”, – деди Рассел.

Ооганстанда кыздардын билим алуусуна тыюу салынганына карабастан, фонд өз жамааттарындагы 445 000 балага билим алууга мүмкүнчүлүк түзүп берди. Алардын 64 пайызы кыздар.

ЮНИСЕФ ошондой эле кыздардын жакшы үлгү болушу үчүн аял мугалимдерге колдоо көрсөтөт.

“Биз ар бир ооган кызынын билим алуу укугун коргоону улантабыз жана иш жүзүндө бийликти бул тыюуну токтоосуз алып салууга чакырабыз. Билим алуу – бул жөн гана негизги укук эмес, дени сак, стабилдүү жана гүлдөп өнүккөн коомго карай жол”, – деди Рассел.