Япония соту Синдзо Абэни өлтүргөн адамга өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын берди

Япониядагы сот 2022-жылы өлкөнүн мурдагы премьер-министри Синдзо Абэни атып өлтүргөн 45 жаштагы Тэцуя Ямагамиге өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Ямагами өз күнөөсүн толук мойнуна алган. Бул иш диний уюмдардын кайрымдуулук чогултуу ыкмалары боюнча коомдо кеңири талкуу жаратты.

Айыптоочу тарап өмүр бою абак жазасын талап кылып, Абэнин өлтүрүлүшүн «согуштан кийинки Япониядагы болуп көрбөгөн кылмыш» деп мүнөздөдү. Коргоо тарабы болсо 20 жылга чейинки мөөнөт менен чектөөнү сурап, Ямагами «диний зомбулуктун курмандыгы» болгонун жана аны кылмышка түрткөн «кайгылуу балалыгын» жүйө келтирди, деп жазат Би-Би-Си.

2022-жылдын июль айында Ямагами Нара шаарында сөз сүйлөп жаткан Абэге колго жасалган мылтык менен эки жолу ок чыгарган. Саясатчы ооруканада алган жарааттарынан улам каза болгон. 2025-жылдын октябрындагы сот отурумунда айыпталуучу: «Мунун баары чындык. Муну мен жасаганыма эч кандай шек жок», — деп билдирген.

Сот процесси учурунда Ямагами 1954-жылы Сеул шаарында Мун Сон Мён тарабынан негизделген Бириккен чиркөөгө каршы экенин айткан. Анын сөзүнө караганда, апасы бул чиркөөгө болжол менен 100 млн йен (600 миң долларга жакын) кайрымдуулук берген, мунун айынан үй-бүлө банкротко учураган.

Коргоо тарабынын күбөсү катары сотто сүйлөгөн Ямагаминин эжеси апасынын чиркөө ишмердүүлүгүнө аралашуусунан улам алардын балалыгы өтө оор шартта өткөнүн баяндаган.

Башында Ямагами Бириккен чиркөөнүн жетекчилигин бутага алууну көздөгөн, бирок кийинчерээк көңүлү мурдагы премьер-министрге бурулган. Анын айтымында, 2021-жылы Абэнин чиркөөгө байланыштуу иш-чарада жасаган видео кайрылуусун көргөндөн кийин экс-премьерди бул уюм менен байланыштырып калган.

Ямагами Абэ «Япониядагы Бириккен чиркөөнүн саясий ишмердүүлүгүнүн борборунда турган» деген жыйынтыкка келген.

Прокурорлор Ямагаминин агрессиясын дал ушул Абэге багытташы үчүн жетиштүү негиздерди көрүшкөн эмес, сот айыптоочу тараптын позициясын колдогон.

Ямагаминин иши кайрадан кайрымдуулук чогултуудагы агрессивдүү ыкмаларга жана Бириккен чиркөөнүн япон саясатына тийгизген таасирине коомчулуктун көңүлүн бурду. Абэ бул уюмдун мүчөсү болбосо да, башка көптөгөн саясатчылар сыяктуу эле, кээде чиркөөгө байланыштуу иш-чараларда сөз сүйлөп турган.

Экс-премьердин өлтүрүлүшүнөн кийин жүргүзүлгөн иликтөөдө бийликтеги Либерал-демократиялык партиянын 379 депутатынын ичинен 179у тигил же бул формада Бириккен чиркөөгө байланыштуу экени аныкталган. Ошол кездеги премьер-министр Фумио Кисида бул байланыштар үчүн кечирим сурап, аларды токтотууну талап кылган.

2022-жылдын декабрында Японияда кайрымдуулук чогултуудагы манипуляциялык ыкмаларды чектеген жана жабыркагандарга 10 жыл ичинде акчасын кайтарып алууга укук берген мыйзам кабыл алынган.

2025-жылдын март айында Токио соту Бириккен чиркөөнү диний уюм макамынан ажыратып, аны таркатуу тууралуу чечим чыгарган. Бул коомдук жыргалчылыкка зыян келтирет деп табылган диний уюмдарды таратууга мүмкүндүк берген мыйзам биринчи жолу колдонулган учур болгон.

2023-жылдан бери чиркөөнүн мурдагы дээрлик 200 мүчөсү мажбурлап алынган кайрымдуулуктар үчүн жалпы суммасы 5,7 млрд йен (болжол менен 38,5 млн доллар) компенсация талап кылып, сотко доо арыз менен кайрылышкан.