Өзбекстанда “Чек ара аймактарынын жакындашуусу – өнүгүүнүн кепилдиги” аттуу саммитөтөт

Ферганада Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын чек ара кызматкерлеринин катышуусунда  жыйын өтөт.

Бул тууралуу «Fars News» агенттигинин Ташкенттеги кабарчысы билдиргенин “Eurasia Today” агенттиги маалымдайт.

Өзбекстандын Фергана шаарында өлкөнүн, Тажикстан жана Кыргызстан мамлекеттеринин чек ара облустарынын жогорку кызмат адамдары “Чек ара аймактарынын жакындашуусу – өнүгүүнүн кепилдиги” аттуу жыйындын алкагында жолугушат.

Фергана облусунун администрациясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 22-апрелде Кыргызстандын Баткен облусунун губернатору Суваналиев Өмүрбек Исакович жана Тажикстандын Согди облусунун губернатору Ражаб Бай Ахмадзаде баштаган расмий өкүлдөрдөн жана ишкерлерден турган делегациялар Фергана шаарына барышат.

23-апрелде “Чек ара аймактарынын жакындашуусу – өнүгүүнүн кепилдиги” соода жыйыны өтөт. Бул соода жолугушуунун алкагында, өнөр жай жана айыл чарба тармактарында өз ара кызматташуу боюнча эки тараптуу жолугушуулар болот.

Ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү Ферганада өндүрүлгөн товарлардын жарманкесине барышып, аймактагы ири өнөр жай жана айыл чарба комплекстеринин иши менен таанышып чыгышат.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров бийликке келгенден бери, Кыргыз өкмөтү чектеш өлкөлөр Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара маселелерин аягына чыгаруу ишине катуу киришип, кошуна мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Март айында Садыр Жапаров Ташкентте өзбек президенти менен жолугушкандан кийин, Шавкат Мирзиёев Кыргызстан менен Өзбекстан ортодогу мамлекеттик чек ара маселесин жакын арада, эң кеч дегенде үч айда чечмей болушканын жарыялаган.

Ал эми Кыргызстан менен Тажикстан акыркы жылдары чек ара тактоо иштеринде орток пикир таба албай келишет. Чек арадагы чыр-чатактардын көбү Ворухтун айланасында болуп келет. СССР тарап, чек ара тактоо маселелери жаралганда эки тарап ар башка документерди негиз катары колдонууга сунуш кылышканы маалым.

Такталбаган кыргыз-тажик чек арасы жакында эле мамлекеттердин расмий жетекчилеринин бири менен дипломатын кайым айтыштырганы баарыбызга белгилүү.

Комментарий жиберүү