Баткен: Зардалыга чакан ГЭС, автожол салууга 25 млн доллар коротулат

Баткен облусундагы Зардалы айылына авто жол салынып, чакан ГЭС курулат.

Бул тууралуу демилгени көтөрүп жаткан жеке ишкер Дүйшөн Муратов “Евразия тудей” агенттигине билдирди. Ага 25 млн. доллар керектелет. Муну ишке ашырыш үчүн ички же сырткы инвесторлордун бири тандалат. Бул тууралуу демилгени көтөрүп жаткан жеке ишкер Дүйшөн Муратов билдирди.

Анын айтымында, учурда геологиялык жана гидрологиялык чалгындоо иштери жүрүп жатат. Ал аяктаган соң, алгач автожол салына баштайт.

Зардалы айылында 100дөй түтүн жашаганы менен ушул убакка чейин электр энергиясы тургай, авто жол салынган эмес. Эл ал жакка улоо менен каттап, акыркы жылдары күн батериясынын жарыгын пайдаланып келишүүдө. Тургундар бир нече жолу тиешелүү кызматтарга кайрылып, ушул маселелерди көтөрүп келишкени менен чечилген эмес. Анткен менен быйыл бул иштерди жүзөгө ашыруу пландалууда.

Чакан ГЭС Зардалынын Көк-Башы суусуна курулат. Эгер ал иштей баштаса, айылга эле эмес, Баткен районуна толук жете турган 29 мегаваттагы электр энергиясын өндүрөт.

Жол оңдолуп, электр энергиясы берилсе, алдыда бул айылга байланыш операторлорунун антенналарын орнотуу да пландалган.

Зардалы Баткен шаарынан 100 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ага эл жалгыз аяк жол менен гана каттап, азык-түлүк, керектүү буюмдарды ташууда түйшүк тартып келишет. Жол үч ай ачык болуп, башка убакта кооптуу.

Комментарий жиберүү