Өзбекстан 2024-жылы Гендердик теңчилик жана башкаруу индексинде (GEGI) олуттуу прогресске жетишип, 158 өлкөнүн ичинен 52-орунду ээлеп, гендердик теңчилик боюнча Борбор Азияда лидер болду.
Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги маалымдады.
Маалыматка караганда, Өзбекстан 2022-жылга салыштырмалуу өз көрсөткүчтөрүн 51 позицияга жакшырткан.
GEGI докладында белгиленгендей, 2024-жылы Өзбекстан республикасы 72,8 упай топтогон, бул Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку көрсөткүч болуп саналат.
Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен индексте:
• Казакстан 76-орунду (2022-жылы – 84-орунда болчу);
• Кыргызстан – 99-орунду (2022-жылы – 91-орунда);
• Тажикстан – 103-орунду (2022-жылы – 118-орунда) ээлешти;
• Рейтингге Түркмөнстан кирген эмес.
Докладда ошондой эле акыркы эки жыл ичинде дүйнө жүзү боюнча аялдар туш болгон жетишкендиктер менен чакырыктар анализделет.
Өзбекстандын позициясынын жакшырышы өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга, анын ичинде маалыматтык технологиялар тармагына байланыштуу.
Өзгөчө, аялдарды IT жана STEM долбоорлоруна активдүү тартуу, кыздар үчүн санариптик көндүмдөр боюнча билим берүүнүн программаларын ишке киргизүү ошондой эле аялдардын укуктарын коргоо жана гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү да эске алынган.