Өзөктүк шылтоолор жана чыныгы максаттар: Израиль менен Батыштын Жакынкы Чыгыштагы оюнун талдоо

Израилдин Иранга каршы жасаган аскерий чабуулу эл аралык коомчулукта катуу реакция жаратууда. Бир катар белгилүү аналитиктер бул окуяны дүйнөлүк жана регионалдык масштабда талдап, чыныгы максаттарын, катышуучуларды жана келечектеги кесепеттерин айтып беришти.

Израилдин чабуулу АКШнын колдоосу менен жасалган

Эл аралык мамилелер боюнча улук аналитик Хасан Ал-Зейн “Al-Alam” телеканалына берген маегинде сионисттик режимдин Иранга каршы агрессиясын “алдын ала пландалган келесоолук” деп сыпаттады. Ал Иран тараптын бул чыр-чатакты дипломатиялык жол менен чечүүгө болгон аракетине карабастан, Израиль куралдуу жолду тандаганын белгиледи.

“Иран өзүнүн стратегиялык тереңдигине, калкынын санына жана идеологиялык потенциалына таянып, алдыдагы апталарда жана айларда сионисттик режимге каршы турууга толук даяр. Ислам Республикасынын 45 жылдык тажрыйбасы жана болуп көрбөгөндөй эл аралык кысымга туруштук берүүсү бул даярдыкты күчөттү”, – деди эксперт.

Аналитиктин айтымында, бул агрессия АКШнын колдоосу менен ишке ашкан.

“АКШнын Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) жакында оккупацияланган Палестина аймактарына жасаган сапары, ошондой эле АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынында Израилдин агрессия планын жактыруусу Иранга кол салууга Вашингтондун түздөн-түз катышуусун көрсөтөт”, – деди ал.

Аль-Зейн Ирандын сионисттик режимдин агрессивдүү чабуулдарына жообу үзгүлтүксүз жана ырааттуу, душмандын аскердик потенциалын акырындык менен алсыратууга багытталган кылдат эсептелген ракеталык соккулар болорун божомолдоду.

Анын айтымында, душман өлкөдө ички баш аламандыктарды жана башкаруучулук кризисин жаратууну көздөгөн, бирок Ирандын ыкчам жана ойлонулган жооп кайтаруусу, анын ичинде жаңы командачылыкты тез арада дайындоо сионисттердин бул жаман планын жокко чыгарды.

 Ислам дүйнөсү ойгонууга тийиш

Ооганстандын саясий жана аймактык маселелери боюнча белгилүү талдоочу Вайс Насери “Ava” маалымат агенттигине берген кеңири маегинде Израилдин Иранга каршы агрессиясынын аспектилерин талдады.

Анын айтымында, Израилдин чабуулу Нетаньяхунун дагы бир ислам мамлекетин жок кылуу боюнча көптөн берки кыялын ишке ашырууга багытталган. Бул план көп жылдар бою АКШ менен Британиянын катышуусу менен иштелип чыккан.

“Израиль жана анын колдоочулары каршылык көрсөтүүдөн эркин Улуу Жакынкы Чыгышты, б.а. алардын кылмыштуу пландарына жана саясаттарына каршылык көрсөтпөй турган толугу менен алардын көзөмөлүндө турган аймакты түзүүгө умтулушат. Батыш Азиядагы бардык окуялар, анын ичинде акыркы жылдардагы согуштар жана кыйроолор кокусунан болгон жок – тескерисинче, алар сионисттик режимдин экспансионисттик стратегиясынын бир бөлүгү катары пландалган жана ишке ашырылган”, – деди Насери.

Ал белгилегендей, Израилдин Газа жана Палестинадагы кылмыштары, 80 миңге жакын бейкүнөө адамдардын өлүмү, ошондой эле Ливандагы мыкаачылыктар, Сирия менен Ирактагы кыйроолор – мунун баары узурпатор Израилдин колу менен ишке ашырылып жаткан Батыштын масштабдуу долбоорунун бир бөлүгү. Ал эми Иран болсо каршылык көрсөтүүнүн акыркы таянычы жана сионисттик режим менен анын батыштык өнөктөштөрүнүн аймактагы пландарын ишке ашыруудагы негизги тоскоолдук болуп саналат.

Ал Иранга кол салуу АКШ менен Израилдин алдын ала макулдашылган планынын бир бөлүгү болгонун кошумчалады.

Анын айтымында, Иранга каршы агрессия сионисттик режим жана анын батыштык колдоочуларынын жаңы кадамы эмес. Араб жазы башталгандан кийин дүйнөлүк гегемония тез арада кийлигишип, Ооганстан, Ирак сыяктуу бир катар өлкөлөрдү оккупациялап, Ливия жана Сириядагы режимдерди кулаткан. Бул иш-аракеттердин максаты Ислам дүйнөсүндө башаламандык жана бөлүнүүчүлүктү жаратуу болгон, бул сценарий ушул күнгө чейин уланууда. АКШ Перс булуңуна жана Батыш Азияга үстөмдүк кылууну, бул стратегиялык маанилүү жана ресурстарга бай аймакты Израилдин таасир чөйрөсүнө айлантууну көздөйт. Бул жагдайда Америка араб өлкөлөрүндө көптөгөн аскерий базаларды курду жана алардын лидерлерин алдоо менен алардын колдоосуна ээ болду.

Ал араб өлкөлөрүнө кайрылып, Иранды алсыратууга багытталган аракеттер түптүз Батыш менен Израилдин пайдасына иштей турганын эскертип, ислам дүйнөсүн кеч болуп кала электе ойгонууга жана биригүүгө чакырды.

Насери Ислам дүйнөсүнүн лидерлерине, ошондой эле Сауд Аравиясы, Катар, БАЭ, Оман, Кувейт жана башка араб өлкөлөрүнүн эмирлерине жана падышаларына кайрылып: “Ирандын тагдыры силердин  жана өлкөңөрдүн тагдыры болушу мүмкүн”, – деп эскертти.

Эксперт АКШ менен Израиль Ирандын өзөктүк куралга жетүүсүн алдын алуу шылтоосу менен Ислам республикасына чабуул коюшканын, ошол эле учурда кылмышкер жана тынчтык үчүн кооптуу мамлекет болгон Израилдин өзүндө өзөктүк арсенал бар экенин, ошол эле Американын өзүндө миңдеген өзөктүк дүрмөттөрү бар экенин жана 1945-жылы Хиросимага атомдук бомба таштоо менен биринчи өзөктүк кылмыш жасаганын билдирди.

Ал эгерде өзөктүк куралга ээ болуу кылмыш болсо, анда ага эч бир мамлекет ээ болбошу керектигин кошумчалады.

Израилдин үч негизги максаты

Террорчулукка каршы күрөш жана аскердик стратегия боюнча белгилүү аналитик Элиджа Магньер “France 24” телеканалына берген маегинде Израилдин Иранга акыркы кол салуусундагы үч негизги максатын атады.

Анын айтымында, Израиль төмөнкүлөргө умтулат:

1. Ислам Республикасынын өзөктүк потенциалын шал кылуу,
2. Ракета инфраструктурасын жок кылуу,
3. Режимди алмаштыруу.

Бирок Магньер бул максаттардын иш жүзүндө ишке ашуусу кыйын экенин, структуралык жана оперативдүү тоскоолдуктар бар экенин белгиледи.

Израилдин Иранга чабуулу — Газадагы жеңилүүнү жашыруу аракети

Араб дүйнөсүнүн белгилүү талдоочусу Абдел Бари Атван сионисттик режимдин Иранга жасаган агрессивдүү жана террордук чабуулдарын Израилдин премьер-министринин Газага каршы согушта жеңилүүсүнүн кесепети жана бул аймактагы геноцидден дүйнөнүн көңүлүн алаксытуу аракети деп атады.

Ал белгилегендей, “бул чыр-чатактын таразасы Ирандын пайдасына оодарылып жатат” жана Тель-Авив өзүнүн жоготууларын жана кыйроолорун түбөлүккө жашыра албайт.

Абдель Бари Атван Израил бийликтери Ирандын ыкчам жана эффективдүү реакциясынан улам солкулдаган өлкөнүн ичиндеги моралдык маанайды көтөрүү үчүн террордук саясатты колдонуп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, Ирандын Израилдеги маанилүү буталарды бутага алган ири ракеталык чабуулу Тегеран үчүн маанилүү ийгилик болду.

Аналитик сионисттик режимдин Ирандын чабуулунан келип чыккан чыныгы жоготууларды жана кыйроолорду жашырып жатканын айтып, “Тель-Авив чындыкты дагы канчага чейин жашыра алат?” деп суроо салды.

Абдель Бари Атван сионисттик режим Ирандын заманбап ракеталары оккупацияланган аймактарга, анын ичинде Хайфага, Тель-Авивге жана Галилея аймагына терең сокку урганын – олуттуу зыянга жана чоң жоготууларга алып келген соккуларды жашыра албай турганын баса белгиледи.

Ал согушта күчтөрдүн тең салмактуулугу Ирандын пайдасына өзгөргөнүн, жашыруун өзөктүк документтерге ээ болуу душманды күтүүсүз калтырышы мүмкүн экенин жазган.