Чейрек кылым өлүм жазасын күтүп, бирок “күнөөсүз” деп табылган Япониянын тургуну Ивао Хакамадага 217 миллион иен өлчөмүндө – 1 миллион 440 миң долларга жакын компенсация төлөндү.
Бул маалыматты Киодо агенттиги юристтерге таянуу менен шилтеме берип маалымдаганын эл аралык массалык маалымат каражаттары жазышууда.
Маалыматтарга караганда, башка бирөөнүн кылмышы үчүн өлүм жазасын 56 жыл күткөн Япониянын 89 жаштагы тургуну Ивао Хакамада рекорддук компенсация – 217 миллион иен алды (болжол менен 1,44 миллион доллар).
Тиешелүү чечимди Япониянын Сидзуока префектурасынын райондук соту чыгарды.
Япониянын мыйзамдарына ылайык, компенсация түрмөдө отурган убакыт жана келечектеги мүмкүн болуучу кирешелер сыяктуу факторлордун негизинде аныкталат.
Хакамаданын адвокаттары “ал психикалык жана физикалык жактан өлчөөсүз зыян тартканын, ошондой эле өлүм жазасына тартылып жатканын” жүйө келтирип, максималдуу сумманы талап кылышкан. Билдирүүгө караганда, алардын кардары 30 жашынан бери, өмүрүнүн эң жемиштүү мезгилинде камакта болгон.
Ивао Хакамада 1966-жылы мурдагы профессионал мушкер Ивао Хакамаданын жетекчисинин, аялынын жана эки баланын өлүмү үчүн жооптуу деп табылган. 1968-жылы Хакамада күнөөлүү деп табылып, өлүм жазасына кесилген.
Сурак учурунда ал киши өлтүргөнүн мойнуна алган, бирок соттук териштирүүдө кыйноолор менен күнөөсүн мойнуна алганын айтып берген.
Хакамада 47 жыл, жети ай түрмөдө отуруп, 2014-жылы бошотулган.
Анын күнөөсүз экендигин ДНК изилдөөсү көрсөтүп, кылмышты башка адам жасаганы ачыкталган.
Ал Гиннестин рекорддор китебине өлүм жазасына тартууну күтүп эң көп убакыт отурган адам катары киргизилген.
Буга чейин Ивао Хакамада башкы прокурор Наоми Унемотону жалган жалаа үчүн айыптап, сотко берген.
Ал 88 жашка чыкканда 2024-жылы акталган. Сот аны актагандан кийин өкмөт менен полиция Хакамададан кечирим сурады.