Өч алды. Иран Израилге массивдүү ракеталык соккуларды урду. Видео

2-октябрга караган түнү Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусу Израилге жүздөгөн ракеталар менен сокку урду. Бул тууралуу ирандык IRNA агенттиги кабарлады.

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башкы командачысы, генерал-майор Хоссейн Салами басып алынган аймактарга карай 200 ракета учурулганын жарыялады.

Ислам Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын начальниги генерал-лейтенант Мохаммад Багери “Садег-2” операциясынын алкагында Израилдин маанилүү үч аба базасы бутага алынганын билдирди.

“Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аба күчтөрү бүгүн түнү баатырдык жана эр жүрөк операциялары менен сионисттик режимдин көптөгөн кылмыштары үчүн өч алды”, – деп билдирди Багери.

Ал Иран Израилдин экономикалык жана өнөр жай инфраструктурасына кол салуу мүмкүнчүлүгү бар болгонун, бирок алар түнү аскерий базаларга гана чабуул жасаганын белгиледи.

“Бүгүн түнү биз Моссаддын штаб-квартирасына, F35 согуштук учактары жайгашкан Наватим жана Хасан Насралланы өлтүрүү операциясы жасалган Хацрим авиабазаларына сокку урдук, ошондой эле стратегиялык радарларга жана Израилдин бронетранспортерлорунун топтолгон борборлоруна сокку урулду”, – деди Багери.

Ошол эле учурда Багери жөөт мамлекети Ислам республикасынын эгемендүүлүгүнө, аймактык бүтүндүгүнө каршы чара көрүүнү кааласа жана кылмыштарды уланткысы келсе, анда Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусу жана куралдуу күчтөрү бул чабуулду мындан да масштабдуу түрдө кайталоого толук даяр экенин жана Израилдин маанилүү инфраструктурасы бутага алынарын эскертти.

“Fars News” агенттиги Израилдин аймагына жасалган массивдүү ракеталык соккулардын видеосун жарыялады 

Видеоплеер

00:00

00:18

Ислам революциясынын сакчылар корпусу түнкү чабуул ливандык “Хезболланын” баш катчысы Хасан Насралланын, ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания жана Кудс күчтөрүнүн командири Аббас Нилфорушандын өлүмүнө жооп болгонун билдирди.

“Исмаил Хания, Хасан Насрулла жана Аббас Нилфорушандын шейит болушуна жооп катары, сионисттер басып алган жерлердин так жүрөгүнө сокку урдук”, – деп айтылат сакчылар корпусунун билдирүүсүндө.

Израиль менен АКШнын реакциясы

Израил армиясынын басма сөз катчысы Даниэль Хагари Ирандын чабуулу «миңдеген жайкын тургундарды өлтүрүүгө» багытталганын AFP агенттигине билдирди.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Ирандын планы Израилдин абадан коргонуу системасынын өнүккөн системасынын аркасында «үзгүлтүккө учураганын» билдирди.

Нетаньяхунун айтымында, Иран Израилге кол салуу менен «чоң жаңылыштык» кылды жана мунун акысын төлөйт.

Өз кезегинде ЦАХАЛ Ирандын аба соккуларынан келтирилген зыян минималдуу болгонун жана өлкөнүн аба күчтөрүнүн согуштук жөндөмдүүлүгүнө таасир этпегенин билдирди.

Израилдин армиясынын башкы штабынын төрагасы Герци Халеви Израиль армиясы Иранга жооп иретинде сокку урарын баса белгиледи.

Ирандын ракеталык чабуулунан кийин АКШнын президенти Жо Байден америкалык аскерлерге жөөт мамлекетине колдоо көрсөтүүгө буйрук берди.

Кийинчирээк Пентагондун басма сөз катчысы Патрик Райдер АКШнын деңиз флотунун UUSS Bulkeley жана USS Cole эсминецтери Ирандан Израилге атылган ракеталарды кармоого катышканын билдирди.

Комментарий жиберүү