Мьянмадагы катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 1,7 миң кишиден ашып, 3,4 миң адам жараат алды, дагы 300ү дайынсыз жоголгондордун тизмесинде. Өлкө бийлиги бир жумалык улуттук аза күтүү жарыялады.
Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
АКШнын Геологиялык кызматынын (USGS) маалыматы боюнча, күчү 7,7 жана 6,4 баллга жеткен жер титирөө 28-мартта болгон.

1 of 9
-+

USGS маалыматы боюнча, биринчи күчтүү жер титирөө жума күнү түштөн кийин Мьянманын борборунда жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:50 чамасында болгон. Экинчи жер титирөө болжол менен 12 мүнөттөн кийин болуп, күчү 6,4 баллга жетип, эпицентри Мандалайга жакын жердеги аймактык борбор Сагаингден 18 чакырым түштүктө болгон.
Жер титирөө 10 чакырым тереңдикте болгондугуна байланыштуу анын кесепеттери жер үстүндөгү дагы катуу сезилди. Андан бери афтершок уланууда. Жекшембиде дагы Мандалайдан түндүк-батышта күчү 5,1 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Мьянмадагы аскердик хунта Сагайн, Мандалай, Бого жана Магуэй аймактарында, Шан штатынын чыгышында, ошондой эле борбор Нейпьидодо өзгөчө кырдаал жарыялады.
Мьянмада куткаруу иштери жума күндөн бери уланууда жана эл аралык жардам келе баштады, бирок ал эң көп жабыркаган аймактарга кечиктирилип, жергиликтүү тургундар урандылардын астында калгандарды кол менен казууга аракет кылууда.
Жер титирөөнүн эпкини Бангладеш, Индия, Таиланд, Лаос жана Кытайда сезилген. Жер титирөөдөн жапа чеккен коңшу Таиландда да куткаруу иштери уланууда. Жүздөгөн адамдар дагы эле дайынсыз болууда. Ал эми Бангкокто каза болгондордун саны 18ге жетти. Курулуп жаткан көп кабаттуу үй урап түшкөндөн кийин 76 жумушчу дайынсыз болууда.