Ишемби күнү эртең менен Кытайдын түндүк-батышындагы Шэньси провинциясында автожол көпүрөсүнүн бир бөлүгү урап, 11 адам каза болду. Бул тууралуу Синьхуа агенттигине шилтеме берүү менен «Казинформ» агенттиги билдирди. — Чжашуй уездиндеги Шанлуо шаарында жайгашкан көпүрө жума күнү кечки саат 20:40тар чамасында капыстан жааган жамгырдын жана селдин кесепетинен урап калганын жергиликтүү бийлик билдирди. Ишемби күнү эртең менен куткаруучулар дарыяга кулап кеткен беш унааны табышты. Учурда куткаруу иштери уланууда.
Прочитайте большеDay: July 21, 2024
2024-жылы туристтер үчүн эң кооптуу 10 шаар аталды
Forbes Advisor рейтингине ылайык, Венесуэла, Пакистан жана Мьянма шаарлары 2024-жылы чет элдик саякатчылар үчүн эң кооптуу багыт катары таанылды. Изилдөөдө рейтингди түзүү үчүн кылмыштуулук, жеке коопсуздук, саламаттыкты сактоо, инфраструктура, табигый кырсыктар жана санариптик коопсуздук сыяктуу факторлор эске алынган. Туристтер үчүн жалпы коркунучун көрсөтүү үчүн шаарлар 100 шкала боюнча бааланган. Изилдөөгө ылайык, саякатчылар үчүн эң кооптуу шаар Венесуэланын борбору Каракас. Бул 100 коркунуч деңгээлин алган жалгыз шаар. Улуу Британиянын Тышкы иштер, Шериктештик жана Өнүктүрүү Бюросу (FCDO)…
Прочитайте большеСингапурда эки мунай ташыган танкер өрттөнүп кетти
Сингапурдун Педра Бранка аралынан 55 км түндүк-чыгышты карай эки мунай танкери күйүп жатканын Рейтер агенттиги билдирди. Hafnia Nile кемесинин ээси ал Ceres I менен кагылышканын айтты. Hafnia Nile кемесинин бардык 22 жана Ceres I кемесинин 40 экипаж мүчөсү куткарылды, деп билдирди Сингапурдун порттор жана деңиз иштери боюнча башкармалыгы. Сингапур деңиз флоту тараткан сүрөттөрдө бир танкерден коюу кара түтүн чыгып, экипаж куткарылып, тик учак менен ооруканага жеткирилген. Коңшу Малайзиянын айлана-чөйрөнү коргоо органдары аларга мунай төгүлгөн учурда…
Прочитайте больше