Британиядагы башаламандыктардан кийин 90дон ашуун киши кармалды

Британиядагы башаламандыктардан кийин 90дон ашуун киши кармалды

Улуу Британиянын бир нече шаарында болгон нааразылык акцияларынан кийин 90дон ашуун киши кармалды. Бий студиясындагы кол салуудан кийин ашынган оңчулдар тутанткан мигранттарга каршы нааразылык акциялары 3-августта Халл, Ливерпул, Бристол, Манчестер, Сток-он-Трент, Блэкпул, Белфаст шаарларында уланды. Катышуучулар дүкөндөрдү талкалап, полицияга да кол салышты. Британ премьер-министри Кир Стармер өкмөт “жек көрүүнү козутууга аракеттенген экстремисттерге” чара көрүүдө полицияга колдоо көрсөтөрүн убадалады. Башаламандык Саутпорт шаарындагы бий студиясына болгон кол салуунун эртеси күнү башталган. 29-июль күнү кечинде белгисиз бирөө бычак менен балдардын…

Прочитайте больше

Шойгу Иранга эмнеге барды?

Шойгу Иранга эмнеге барды?

Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу 5-августта Иранга пландалган иш сапары менен келди. Сапардын алкагында Шойгу Тегеранда Ирандын президенти Масуд Пезешкиан, Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Акбар Ахмадиан жана Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Мохаммад Багери менен жолугушту. Шойгу өлкө президенти жана Коопсуздук кеңешинин катчысы менен жолугушууда талкууланган маселелер бүт дүйнөнү камтыганын журналисттерге билдирди. “Анда Сириядан баштап бүтүндөй маселелер бар. Албетте, Ливандын Израиль менен чек арасында кооптондурган окуялар дагы. Албетте, Тегерандагы акыркы трагедиялуу окуялар дагы, бул темага көңүл бурбай…

Прочитайте больше

Бангладеште эмне болуп жатат?

Бангладеште эмне болуп жатат?

Даккада мамлекеттик жумушка алууда киргизилген квота системасына каршы студенттердин нааразылык акциялары болуп жатат. Студенттедин, полиция жана өкмөттүн тарапкерлеринин кагылышуусу баш аламандыкка чейин алып келди. Нааразычылык акцияларынын катышуучулары 1971-жылы Бангладештин эгемендүүлүгү үчүн согушка катышкан ардагерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик жумуш орундарынын 30%ы сакталат деген квота системасын токтотууну талап кылышууда. Алар бул жеңилдик өкмөт башчынын тарапташтарына гана пайда алып келерин айтышууда. 2018-жылы жокко чыгарылган квота системасы быйыл июнь айында жергиликтүү сотто кайра калыбына келтирилген. Бул чечим өлкөдө студенттер…

Прочитайте больше

Украинанын атайын кызматтары Путинге кол салуу аракетин жасаган

Украинанын атайын кызматтары Путинге кол салуу аракетин жасаган

Орусиянын коргоо министри Пентагон менен байланышып, Киевге таасир көрсөтүүгө чакырган. Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары Рябков: Украинанын атайын кызматы Путин менен Белоусовдун өмүрүнө кол салуу аракетин даярдап жаткан. Украинанын атайын кызматтары 28-июлда Санкт-Петербургда Аскер-деңиз флотунун күнүнө арналган парадда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Орусиянын Коргоо министрлигинин башчысы Андрей Белоусовдун өмүрүнө кол салууну пландаган. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) башчысынын орун басары Сергей Рябков билдирди. Анын айтымында, парадга бир нече күн калганда Белоусов Пентагондун башчысы Ллойд Остин менен байланышып,  телефон аркылуу сүйлөшкөн жана…

Прочитайте больше

Зеленский Украина F-16 согуштук учактарын алганын ырастады

Зеленский Украина F-16 согуштук учактарын алганын ырастады

Украинанын президенти Владимир Зеленский Украина Батыш союздаштарынан F-16 согуштук учактарынын биринчи партиясын алганын ырастады. “F-16 Украинада. (Украиналык учкучтар – ред.) аларды биздин өлкө үчүн колдоно башташты. F-16 менен чындап жардам берип жаткан бардык өнөктөштөргө жана учактарды берүү өтүнүчүбүздү кабыл алган биринчи мамлекеттер Дания, Нидерланд жана АКШга ыраазычылык билдирем”, – деп жазды ал Telegram каналында. Бирок ал Украина так канча учак алганын жана алардын жайгашкан жерин тактаган жок. Видеоплеер 00:00 03:09 Зеленский ошондой эле украиналык учкучтар…

Прочитайте больше

Бангладештеги башаламандык: кеминде 300 адам каза болуп, премьери өлкөдөн чыгып кетти

Бангладештеги башаламандык: кеминде 300 адам каза болуп, премьери өлкөдөн чыгып кетти

Бангладештеги башаламандыктарда кеминде 300 адам каза болду. Алардын 94ү жекшембиде каза болгон. Бул тууралуу Франс Пресс агенттиги полиция, дарыгерлерге жана бийликтерге шилтеме берүү менен кабарлады. Жергиликтүү Daily Star гезити мурдараак Бангладеште жекшемби күнү күндүзгү тополоңдо каза болгондордун саны 93кө жеткенин, анын ичинде 14 полиция кызматкери болгонун билдирген. ТЕМА БОЮНЧА Венесуэлада президенттик шайлоодон кийин тутанган нааразылык өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүн каптады  30.07.2024 Өлкөдөгү башаламандыктардан улам Бангладештин премьер-министри Шейх Хасина кызматтан кетип, өлкөдөн чыгып кеткенин “News18” X социалдык…

Прочитайте больше