Волгоградда түрмөдө адамдарды барымтага алгандар жок кылынды. Видео

Волгоградда түрмөдө адамдарды барымтага алгандар жок кылынды. Видео

Росгвардиянын снайперлери 23-августта Волгоград облусундагы №19 катаал режимдеги түрмөдө барымтага алынган кызматкерлерди бошотту. Жума күнү күндүз колонияда жазасын өтөп жаткан төрт соттолуучу тартип комиссиясынын отуруму учурунда кызматкерлерди барымтага алышкан. Тополоңдо түрмөнүн төрт кызматкери набыт болгонун Россиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы (ФСИН) билдирди. Маалыматка караганда, кылмышкерлер колониянын сегиз кызматкерин жана төрт соттолуучуну барымтага алып, төрт кызматкерге бычак менен ар кандай деңгээлдеги жаракат келтиришкен. Росгвардия барымтадагыларды бошотуу боюнча атайын күчтөрдүн ыкчам операциясынын кадрларын көрсөттү. Видеоплеер 00:00 00:18 Колонияда…

Прочитайте больше

Куба Иран менен кызматташтыкты бекемдөө ниетин билдирди

Куба Иран менен кызматташтыкты бекемдөө ниетин билдирди

Кубанын тышкы иштер министри Бруно Родригес Парриллья Аббас Арагчини Ирандын тышкы иштер министри болуп дайындалышы менен куттуктап, Гавананын Тегеран менен достук жана кызматташтык мамилелерин чыңдоо ниетин билдирди. “Аббас Арагчиге Ирандын тышкы иштер министри болуп дайындалышы менен чын жүрөктөн куттуктайм”, – деп жазды Кубанын Тышкы иштер министрлигинин башчысы X (мурдагы Твиттерде) баракчасына. Бруно Родригес Парриллья Арагчиге бул кызматта ийгиликтерди каалап, Кубанын эки элдин ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерин мындан ары да чыңдоо ниетин баса белгиледи. 21-августта…

Прочитайте больше

Өзбекстан Ооганстанда 6 миллион долларга медресе курат

Өзбекстан Ооганстанда 6 миллион долларга медресе курат

Өзбекстан Ооганстандын Мазари-Шариф шаарында курулуп жаткан «Хайр аль-Мударис Имам Бухари» медресесин каржылайт. Бул тууралуу Podrobno.uz. сайты жазды. 21-августта өткөн иш-чарага Балх провинциясынын губернаторунун орун басары Нур аль-Ходи Абу Идрис жана Өзбекстандын Ооганстандагы башкы консулу Фархад Назаров катышты. «Хайр аль-Мударис Имам Бухари» медресеси 0,6 гектар аянтка жайгашып, 1000 окуучуга диний билим берет. Ооган маалымат каражаттары билдиргендей, курулуштун баасы 6 миллион долларга бааланган. Диний окуу жайдын курулушун бир жылдын ичинде бүтүрүү пландалууда. Медресенин курулушу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы…

Прочитайте больше