Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) маймыл чечеги вирусу боюнча глобалдык мааниде өзгөчө кырдаал жарыялады. Негизги очогу Африкада катталып, ары жагы Түштүк Америка, бери жагы Түштүк Азияга чейин жетти.Бул вирусту жуктуруп алгандар Швеция, Австралия, Пакистан, Таиландда жана Орусияда да аныкталганы боюнча маалыматтар тарап жатат. Пакистан Пакистанда маймыл чечеги (mpox вирусу) жуккан бир бейтап катталганын 19-августта өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги расмий билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, анда вирустун Clade 2 түрү аныкталды, кооптуу түрүнө чалдыккандар жок. Маймыл чечеги…
Прочитайте большеDay: August 29, 2024
Талибан өкмөтү кыздардын мектепке кайтып келишине уруксат берүү ниети жок экенин билдирди
25-августта Ооганстандын жогорку билим берүү министринин милдетин аткаруучу Нидо Мохаммад Надим кыздардын билим алуусуна байланышкан маалымат жыйынын өткөрдү. Анда Нидо Мохаммад Надим министрликтин бир жылдык ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, Ооганстанда аялдар менен кыздардын билимин кайра баштоо үчүн жетиштүү шарттар түзүлө электигин айтып, журналисттердин кыздардын билим алуусу тууралуу суроосуна жооп берген. Министрдин м.а. өз жообу менен талиптердин өкмөтү кыздардын жакын арада мектепке кайтып келишине уруксат берүү ниети жок экенин тактаган. Анын айтымында, Ооганстанда аялдар жана кыздар…
Прочитайте большеЖозеп Боррел Израилдин эки министрине каршы санкция киргизүүнү сунуштады
Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррел Израилдин эки министрине кастыкты козуткан жана адам укуктарын бузганы үчүн санкция киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу The National басылмасы билдирди. «Биз палестиналык жарандарды коркутууга багытталган отурукташуучулардын чабуулдарын айыптайбыз. Күн өткөн сайын дээрлик жазасыз калган израилдик отурукташуучулар басып алынган Батыш жээкте зордук-зомбулукту тутандырып, тынчтыктын бардык мүмкүнчүлүктөрүн коркунучка салууда», – деп жазды Боррелл Х социалдык медиада. Белгиленгендей, Боррелл сөз кылып жаткан конкреттүү министрлердин атын атаган жок, бирок Израилдин…
Прочитайте большеТрамп Цукербергди түрмө менен коркутту
АКШнын Республикачыл партиядан президенттикке талапкер Дональд Трамп Meta′нын негиздөөчүсү жана Facebook′тун ээси Марк Цукербергди, эгер президенттик шайлоого кийлигише турган болсо, анда ал өмүрүнүн калган бөлүгүн абакта өткөрөөрүн билдирди. Бул тууралуу Politico гезити жазып чыкты. Саясатчы 3-сентябрда жарыкка чыга турган “Американы сактайлы” аттуу китебинде Meta′нын жетекчиси 2020-жылдагы шайлоодо ага каршы кутум уюштурганын жана эгер ал муну кайра кайталаса, анда ал “өмүрүнүн калган бөлүгүн түрмөдө өткөрөт” деп айтканын жазган. Ал китепте Трамптын Цукерберг менен Ак үйдөгү жолугушуусунда…
Прочитайте большеАКШ Ооганстандан чыгарылып кеткен учактарды Өзбекстанга калтырат. Ага Талибан каршы чыкты
Өзбекстан менен АКШнын бийликтери 2021-жылы августта “Талибан” Кабулду басып алгандан кийин Ооганстандан Өзбекстанга учуп келген аскердик учактар менен тик учактардын тагдыры боюнча макулдашууга жетишти. Бул тууралуу АКШнын Өзбекстандагы элчиси Жонатан Хеник билдиргенин өзбек ЖМКлары жазды. Элчи учактар Өзбекстанга берилерин айтып, тараптар бул багытта биргелешкен тиешелүү программаны ишке ашырууга киришкенин билдирди. Хеник бул техникалар эч качан оогандык болгон эместигин, америкалык болгонун эске салды. «Алар (ооган армиясы – ред.) аны (техникаларды – ред.) колдонушту, бирок алардын ээси ар дайым…
Прочитайте большеТүркмөн элинин улуттук лидери Иранга келди. Аны өлкө президенти жана Жогорку лидери кабыл алды
Түркмөн элинин улуттук лидери, Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов 28-августта иш сапары менен Иран Ислам Республикасына келди. Бул сапар Түркмөнстан менен Ирандын мамлекеттер аралык диалогун бекемдөөгө багытталган. Сапардын алкагында, Бердымухамедов Тегеранда Ирандын президенти Масуд Пезешкиан жана Жогорку лидери Али Хаменеи менен жолугушуп, эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлду. Стратегиялык келишим Ирандын президенти Масуд Пезешкиян Түркмөнстандын улуттук лидери Гурбангулы Бердымухамедов менен бирге өткөргөн маалымат жыйынында ортодо жакшы жана эффективдүү диалог болгонун белгиледи. “Иран менен Түркмөнстандын ортосунда стратегиялык келишимдерге кол коюлду жана бул байланыштар…
Прочитайте большеБатыштын планы – Орусиянын аймагында чыңалуунун очокторун түзүү
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Курск аймагындагы атайын аскердик операциясы жана Брянск облусуна кирүү аракети Киевдин аскердик-саясий жетекчилигинин тактикасынын өзгөргөнүнөн кабар берет. Курск багытында жабыркаган батыш аскерлеринин жана бронетранспортерлорунун санына караганда, Вашингтон жана анын союздаштары украин армиясын Курск облусуна чабуул жасоо үчүн керектүү өлчөмдөгү курал-жарак менен, анын ичинде украин генералдарын спутниктик чалгындоо маалыматтары жана америкалык атайын даярдыктагы жоокерлерге чейин камсыздаган деп болжолдоого болот. Мүмкүн, жамааттык Батыш менен Киев 2024-жылдын күзүндө жана 2025-жылдын жазында Орусиянын бир нече чек…
Прочитайте большеСот Павел Дуровду Франциядан чыгууга тыюу салуу менен 5 миллион евро күрөөгө бошотту
Париж соту Telegramдын негиздөөчүсү Павел Дуровго алты берене боюнча, анын ичинде маалыматты компетенттүү органдарга берүүдөн баш тартуу боюнча айып такты. Айыптоо корутундусунан кийин сот ишкерди соттун көзөмөлүнө 5 миллион евро күрөө жана жумасына эки жолу полиция бөлүмүнө келүү милдети менен бошотту, деп билдирди Париждин прокуратурасы. Ага Франциянын аймагынан чыгууга тыюу салынды. Telegram боюнча иликтөөнүн жыйынтыгында Павел Дуровго төмөнкүдөй айып тагылды: Сурам боюнча компетенттүү органдарга маалыматтарды же документтерди берүүдөн баш тартуу.Сертификатталган декларациясыз купуялуулукту камсыз кылуу үчүн…
Прочитайте больше