Франциядагы солчул партиялардан куралган “Жаңы элдик фронт” аттуу саясий блогунун 81 депутаты өлкө президенти Эммануэль Макрондун кызматтан кетишин талап кылган резолюция кабыл алды, деп билдирет Franceinfo. Импичмент процедурасын Жан-Люк Меленшондун ультрасолчул партиясы “Багынбаган Франция” тарабынан өлкөнүн Конституциясынын 68-беренесине ылайык демилгеленген. Буга Макрондун Люси Кастени премьер-министрликке дайындоодон баш тартканы себеп болгон. «Президент Эммануэль Макрондун 7-июлдагы шайлоодо жеңген коалициядан премьер-министрди дайындоодон баш тарткандан кийин, резолюциянын авторлору парламенттен президентке импичмент жарыялоо ишин козгоону талап кылышууда», — деп айтылат резолюцияда….
Прочитайте большеDay: September 5, 2024
Путин АКШдагы шайлоодо Харристи колдой турганын айтты
Путин Чыгыш Экономикалык форумунун пленардык жыйынында Россия АКШнын Демократиялык партиясынан президенттикке талапкер Камала Харристи азыркы президент Жо Байден сунуш кылгандай колдой турганын айтты. “АКШдагы шайлоодо Орусиянын “фаворити” азыркы лидер Жо Байден болчу, бирок ал шайлоо жарышынан баш тартты. Мен буга чейин эле айткам, биздин “фаворит”, азыркы президент Байден мырза болчу”, – деди орус лидери. Путин кошумчалагандай, Байден президенттик жарыштан баш тарткандыктан, бирок анын бардык тарапташтарына АКШнын Демократиялык партиясынан президенттикке талапкер болуп жаткан АКШнын азыркы вице-президенти…
Прочитайте большеТИМ кыргызстандыктарды Россияга убактылуу барбай турууну сунуштады
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргызстандык жарандарды Россия Федерациясына убактылуу барбай турууну сунуштады. Тиешелүү билдирүү ведомствонун сайтында жарыяланды. “Россия Федерациясынын аймагында киргизилген кошумча коопсуздук чаралар жана мамлекеттик чек ара аркылуу чет өлкөлүк жарандарды өткөрүүдө күчөтүлгөн көзөмөлдөө режими улантылып жаткандыгына байланыштуу, Элчилик Россия Федерациясына кирүү үчүн жүйөлүү негиздери жок болсо, Кыргыз Республикасынын жарандарына жогоруда көрсөтүлгөн чаралар алынып салынганга чейин анын аймагына баруудан убактылуу баш тартууну сунуштайт”, – деп айтылат маалыматта. Кыргыз жарандары зарылчылык болгон учурда Кыргызстандын…
Прочитайте большеДүйнөдөгү кыштан салынган эң бийик мунара Иранда жайгашкан. Сүрөт
Дүйнөдөгү кыштан салынган эң бийик мунара Ирандын Голестан провинциясынын Гомбеде-Кавус шаарынын борбордук бөлүгүндө орун алган. Ал шаардын аталышындай Гомбеде-Кавус мунарасы деп аталат. Ал 1006-жылы Зияриддер династиясынын башкаруучусу Шамс ал-Маали Кабустун (Кабус ибн Вушмагир) күмбөзү катары курулган. Гомбеде-Кавус миң жылдан ашык тарыхы бар ислам архитектурасынын шедеврлеринин бири жана бышкан кыштан салынган дүйнөдөгү эң бийик имарат деген наамга ээ. Мунаранын бийиктиги 55 метр жана ал бийиктиги 15 метрден ашкан жасалма платформанын үстүндө турат. Мунаранын жалпы бийиктиги 70…
Прочитайте большеЭксперт: «ИМ-Хорасан» Ооганстандагы эң ири террордук топ
Ооганстандык профессор Анвар Юлдошевдин айтымында, учурда Ооганстанда 20дан ашуун террористтик топтор бар. Алардын эң чоңу «ИМ-Хорасан» 2015-жылы түзүлгөн жана 6 миңдей согушкери бар. Анын айтымында, Ооганстандагы дагы бир «Таухид ва Жихад» тобунун лидерлери негизинен өзбектер. Талибан 2021-жылдын 15-августунан бери бүткүл Ооганстанды көзөмөлдөп, өлкөнүн кайрадан терроризмдин очогуна айланышына жол бербей турганын айтканы менен, ИМдин Хорасан ячейкасы олуттуу коркунуч бойдон калууда. Ооган эксперти Анвар Юлдашевдин айтымында, учурда Ооганстанда 20дан ашуун террористтик топтор бар. Алардын ичинен эң чоңу ИМ-Хорасан, 6000дей согушкери бар….
Прочитайте больше