АКШда химиялык заводдо ири өрт чыкты

АКШда химиялык заводдо ири өрт чыкты

29-сентябрда АКШнын Джорджия штатындагы BioLab химиялык заводунда чыккан ири өрттүн кесепетинен атмосферага хлор бөлүнүп, Рокдейл округунун 90 миңден ашуун тургуну үйлөрүнө баш калкалоого аргасыз болду. Бул тууралуу The Washington Post басылмасы жазып чыкты. “Ар бир аймакта баш калкалагандар үчүн эң жакшы тажрыйба – бул кондиционерди өчүрүү жана терезелер менен эшиктерди жабык кармоо”, – деп айтылат округдук өкмөттүн билдирүүсүндө. Өрт жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:00 чамасында чектөөгө алынган. Шерифтин басма сөз катчысы Кристин Неспит эвакуациялангандардын так саны белгисиз…

Прочитайте больше

Politico: Ак үй Израилди тымызын колдогон

Politico: Ак үй Израилди тымызын колдогон

Америкалык расмий өкүлдөр Израилди Ливандын “Хезболла” кыймылына аскерий кысымды күчөтүү чечимин колдой тургандыктарына тымызын ишендиришкен. Бул тууралуу Politico гезити израилдик жана америкалык расмий булактарга таянуу менен билдирди. Алардын маалыматы боюнча, АКШнын атайын чабарманы Амос Хокстин жана Улуттук коопсуздук кеңешинин Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча координатору Бретт МакГурк азыркы окуялардан бир нече жума мурун Израилдин жогорку даражалуу өкүлдөрүнө Кошмо Штаттары «Израилдин премьер-министринин стратегиясы менен макул» деп айтышкан. Биньямин Нетаньяху “Хезболланы” сүйлөшүүгө мажбурлоо үчүн жөөт мамлекетинин аскерий аракеттеринин борбору түндүккө жылышын билдирген….

Прочитайте больше

Бир катар өлкөлөр “Хезболланын” лидеринин өлүмүнө байланыштуу Ливанга көңүл айтышты

Бир катар өлкөлөр “Хезболланын” лидеринин өлүмүнө байланыштуу Ливанга көңүл айтышты

Өткөн аптадан бери Израилдин аба күчтөрү Ливандын ар кайсы аймактарына массивдүү соккуларды  урууда. 27-сентябрда Ливандын борбору Бейруттун түштүк бөлүгүндө максаттуу аба соккулары жасалып, анын натыйжасында “Хезболла” кыймылынын жогорку даражалуу командирлери, анын ичинде кыймылдын көп жылдардан берки лидери Хасан Насрулла каза тапкан. Кыймыл 28-сентябрда Насрулланын өлүмүн расмий тастыктаган. “Хезболла” кыймылынын лидеринин өлүмүнө байланыштуу Батыш Азиядагы бир катар өлкөлөр Израилдин бул аракетин айыптап, Ливан элине жана “Хезболла” кыймылына көңүл айтып жатышат. Палестина  Палестинанын улуттук администрациясынын лидери Махмуд Аббас ишемби күнү ливандык…

Прочитайте больше

Мишустин расмий сапар менен Иранга келди. Жолугушуулар жана талкууланган маселелер

Мишустин расмий сапар менен Иранга келди. Жолугушуулар жана талкууланган маселелер

Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин дүйшөмбү күнү Иранга расмий сапар менен келип, республиканын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу орус өкмөтүнүн маалымат кызматы кабарлады. Сапардын алкагында орус өкмөтүнүн башчысы Ирандын биринчи вице-президент Мохаммад Реза Ареф жана президенти Масуд Пезешкян менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Буга чейин РФ министрлер кабинетинин басма сөз кызматы орус тарап менен ислам республикасынын жетекчилигинин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө орус-иран соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун бардык маселелерин кароо пландалып жатканын маалымдаган. Орусия Иран менен кызматташууга кызыкдар Мишустин дүйшөмбү күнү…

Прочитайте больше