Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Израилге каршы массивдүү ракеталык чабуулу менен бир убакта Ислам революциясынын Жогорку лидери аятолла Али Хаменеи өзүнүн X соцтармактагы баракчасына иврит тилинде билдирүү жасады. Хаменеи өз билдирүүсүндө Израилге каршы исламдык каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн чабуулдары дагы масштабдуу боло турганын эскертти. “Сионисттик режимдин (Израиль – ред.) чирип бараткан денесине каршылык көрсөтүү фронтунун соккулары дагы катуу болот”, – деп жазды аятолла. 1-октябрдын кечинде Иран ракеталар менен Израилдин аймагына массалык сокку урду. Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башкы…
Прочитайте большеDay: October 2, 2024
“Болуп көрбөгөндөй чабуул”. Дүйнөлүк ЖМКлар Ирандын Израилге жасаган чабуулуна реакция жасашты
Ирандын Израилге жаңы ракеталык чабуулдарына реакция жасаган дүйнөлүк маалымат каражаттары бул чабуул эки өлкөнүн тирешинде бурулуш учур болгонун жазышууда. 1-октябрдын кечинде Иран ракеталар менен Израилдин аймагына массалык сокку урду. Иран “Садег-2” операциясынын алкагында Израилге карай 200 ракета учурулганын анын натыйжасында жөөт мамлекетинин маанилүү үч аба базасы бутага алынганын билдирди. Иран Израилге кол салуу учурунда биринчи жолу “Фатех” гиперүндүү ракетасын колдонгонун кийинчирээк Ирандын мамлекеттик IRIB агенттиги билдирди. Израилдин Коргоо армиясынын (ЦАХАЛ) басма сөз кызматы Иран Израилге…
Прочитайте большеА. Жапаров менен Ирандын Биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Арефтин жолугушту
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ереван шаарында (Армения Республикасы) Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында Иран Ислам Республикасынын Биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф менен жолугушту. Бул тууралуу МинКабдын маалымат кызматы билдирди. “Тараптар эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык чөйрөдө, транспорт жана логистика тармагында өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташуунун келечегин талкуулашты”,- деп айтылат маалыматта. Белгилей кетүүчү жагдай, учурда Армениянын борбору Ереван шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтүүдө….
Прочитайте большеӨч алды. Иран Израилге массивдүү ракеталык соккуларды урду. Видео
2-октябрга караган түнү Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусу Израилге жүздөгөн ракеталар менен сокку урду. Бул тууралуу ирандык IRNA агенттиги кабарлады. Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башкы командачысы, генерал-майор Хоссейн Салами басып алынган аймактарга карай 200 ракета учурулганын жарыялады. Ислам Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын начальниги генерал-лейтенант Мохаммад Багери “Садег-2” операциясынын алкагында Израилдин маанилүү үч аба базасы бутага алынганын билдирди. “Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аба күчтөрү бүгүн түнү баатырдык жана эр жүрөк операциялары менен сионисттик режимдин көптөгөн кылмыштары үчүн өч алды”,…
Прочитайте большеГаити калкынын жарымы кылмыштуу топтордун аракетинен улам ачарчылыкка кабылды
Жаңы отчетто Гаитиде 5,41 миллион адам “азык-түлүк коопсуздугунун жогорку деңгээлин” башынан кечирип жатканы жана кылмыштуу топтордун согуштары жана инфляция кризистин негизги себептери экени айтылат, деп жазат Zakon.kz. Аль-Жазиранын маалыматы боюнча, Гаити калкынын дээрлик 48% куралдуу бандалардын тынымсыз зордук-зомбулуктарынан улам катуу тамак-аш тартыштыгына дуушар болууда. Дүйшөмбү күнү жарыяланган Азык-түлүк коопсуздугунун интеграцияланган фазалык классификациясы (IPC) отчетунда Кариб деңизиндеги кризистен жабыркаган өлкөдө 5.41 миллион адам 2024-жылдын августунан 2025-жылдын февралына чейин “курч тамак-аш коопсуздугунун жогорку деңгээлине” туш болгон. Жалпы…
Прочитайте больше