21-апрель,жума күнү Орозо Айт майрамы. Видео

 Быйылкы жылы Ыйык Рамазан айынын Айт күнү жума күнгө туш келди.

Ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) өз сөзүндө: “Айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп оозуңарды ачкыла. Эгерде кандайдыр себептер менен силерге ай көрүнбөй калган болсо, анда айды отузга толтуруп эсептегиле”, — деп буйруган (Сахих муслим 1080).
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2023-жылдын 21-апрель, жума күнүн «Орозо Айт майрамы»,- деп белгиледи.

Эскертүү: Жогорудагы көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмалануусу мүмкүн.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *