Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев бийликтен кулаган себебин аны сындап жазган көз каранды эмес гезиттердин пайда болушу менен байланыштырарын Deutsche Welle басылмасына курган маегинде билдирди. Ал айрым тышкы күчтөр Грузиядагы жана Украинадагы “түстүү революциялардан” кийин Өзбекстанда төңкөрүш уюштурууну каалашканын, анысы ишке ашпай калгандан кийин Кыргызстанга көңүл бурушканын, себеби ал алсызыраак болгонун белгиледи.
“Себеби бизде эркин басма сөз бар эле. Freedom House уюмуна Жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн типография ачууга уруксат бергеним менин эң чоң катам болгон деп эсептейм. Чоң эркиндик бергем, а алар бардык көз каранды эмес гезиттерди басып чыгара башташты. Биз жөнүндө, үй-бүлөм жөнүндө ар кайсы каралоо жазылганды миллиондогон нуска менен чыгарып, бекер таратып жатышты”, – деди Акаев.
Мурдагы президент бул типографияга коңшу өлкөлөрдүн президенттери да нааразы болгонун, себеби аларда тыюу салынган оппозициялык басылмалар Кыргызстанда басылып, кийин Казакстанда жана Өзбекстанда жайылтылганын айтты.
Кыргызстанды 1991-2005-жылдары башкарган Акаев 2005-жылдын 24-мартындагы “жоогазын ыңкылабынан” кийин кызматтан кетип, ошондон бери үй-бүлөсү менен Москвада жашап келет.
Элдин нааразылыгын ошол жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жараткан. Акаевдин уулу Айдар добуш берүүнүн биринчи турунда, кызы Бермет экинчи турда жеңгени жарыяланып, бул Кыргызстанды 15 жылдан бери бир эле киши башкарып келатканы тууралуу нааразылыктарды күчөткөн. Бермет Акаеванын чет өлкөлөрдөгү байлыгы жана Айдар Акаевдин бизнесмендерге көрсөткөн басымы тууралуу сөздөр кырдаалды ого бетер курчуткан.
Ошондон бери Аскар Акаев Кыргызстанга алгачкы жолу былтыр 2021-жылы эки жолу келип кеткен. Ал Кумтөр алтын кенине байланыштуу иликтөө алкагында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) сурак берген. УКМК Акаев тагылган айыптар боюнча күнөөсүн моюнуна алганын билдирген.