Лавров: Россия менен Ирандын кызматташтыгы жаңы стратегиялык деңгээлге чыгууда

Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Тегеранга жасаган иш сапарында кесиптеши Хоссейн Амир Абдоллахян менен жолугушуусунан кийин өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында билдирди.

Бул тууралуу ирандык басылмалар жазды.

“Биздин кызматташтык жаңы стратегиялык деңгээлге чыгууда. Өткөн жылы Москва менен Тегерандын ортосундагы соода жүгүртүү Батыштын санкцияларына карабастан 80 пайыздан ашык өсүп, 4 миллиард доллардан ашты. Быйыл тенденция уланууда жана биз аны колдоо үчүн бардык аракеттерди жасайбыз”, – деди Лавров.

Анын айтымына караганда, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер тарыхтагы эң жогорку чекке жеткен жана өнөктөштүктү мындан ары да илгерилетүү үчүн олуттуу потенциал сакталып турат.

Эки өлкөнүн министрлери жыйында Тегеран менен Москванын ортосундагы кызматташтык келишимдерди, Ирандын Шанхай кызматташтык уюмуна кирүү маселесин жана башка бир катар маанилүү маселелерди, ошондой эле Тегеран үчүн чечүүчү мааниге ээ болгон Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимди калыбына келтирүү маселесин талкуулашты.

“Биз өзөктүк келишимди эч кандай алып салуу же толуктоосуз, 2015-жылы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясы менен кандай бекитилген болсо, ошондой баштапкы конфигурацияда калыбына келтирүүгө жана келишимге карама-каршы келген анти-ирандык санкциялардын баарын жоюга аракет кылабыз, – деди Лавров.

Ал Ирандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирүү чечимине токтолуп: “Россия муну кубаттайт жана кирүү процесси көпкө созулбайт”, – деп баса белгиледи.

Өз кезегинде Хоссейн Амир Абдоллахян Сергей Лавров менен жолугушууда эки тараптуу мамилелердин түрдүү аспектилерин карап чыгышканын жана сүйлөшүүлөрдө ар тараптуу узак мөөнөттүү жана стратегиялык кызматташуу боюнча келишим маселесине көңүл бурулганын билдирди.

Ошондой эле, Тегеран Россия Федерациясына каршы жарыяланган мыйзамсыз бир тараптуу санкцияларга каршы экенин баса белгилеп өттү.

Мындан тышкары Иран Ислам Республикасы эки тараптуу негизде визаларды жоюуга толук даярдыгын жана бардык зарыл чараларды көрүүгө даяр экенин билдирип, ишкерлер үчүн визаны алып салууну сунуштады.

Жыйында жакынкы күндөрү Тегеранда Иран, Россия жана Түркия мамлекеттеринин коронавирус пандемиясынын кесепеттерин жоюу боюнча биргелешкен саммити өтөрү баса белгиленди.

Белгилей кетсек, Россиянын ТИМ жетекчиси ирандык кесиптешинин чакыруусу менен Тегеранга 22-июнда барган. Ал бул сапардын алкагында Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен да жолугушту.

Комментарий жиберүү