Талибдер шахматты «харам» деп атап, аны ойноого тыюу салышты
Афганистандагы убактылуу «Талибан» өкмөтү шахмат оюнун «диний себептерден улам» белгисиз мөөнөткө тыюу салды. Бул тууралуу Khaama Press басылмасына таянып, Asia-Plus кабарлады.
Министрлик – «Жакшылыкты жайылтуу жана жамандыктан тыюу салуу» боюнча ведомство – шахматты «харам» (исламда тыюу салынган иш) деп атады жана Афганстандын шахмат федерациясын таратуу буйругун берди.
Ресми тастыктама
Афганстандын спорт министрлигинин өкүлдөрү 11-майда шахмат оюнуна чыныгы тыюу салынганын ырасташты. Министрликтин билдирүүсүндө, «диний маселелерге ылайыктуу жооп табылмайынча» бул спорттун түрүнө байланыштуу эч кандай иш-чара өткөрүлбөйт.
Башка кандай тыюулар киргизилди?
Бул чечим Афганистанда талибдердин укуктарга жана эркиндиктерге карата чектөөлөрүнүн дагы бир мисалы болуп калды. Төмөндө башка тыюу салынган тармактардын кыскача тизмеси:
Спорт:
- ММА (аралаш мушташ өнөрү) — ислам окуусуна туура келбейт деген жүйө менен тыюу салынган;
- Аялдарга ар кандай спорт менен алектенүүгө толук тыюу салынган;
Маданият жана маалымат каражаттары:
- Кинотеатрлар жабылган;
- Музыкалык аспаптарда ойноо жана музыка угууга тыюу салынган;
- Фото жана видеого тартууга тыюу салынган;
- Адамдардын сүрөттөрүн жана видеолорун ЖМКларда көрсөтүү — жараксыз деп табылган;
Технология жана интернет:
- Кээ бир социалдык тармактарга кирүүгө чектөө киргизилген;
Аялдардын укуктары:
- Аялдардын билим алуусу чектелген: орто жана жогорку билим, анын ичинде медицина окуу жайлары жабылган;
- Аялдар телеалпаруучу, мугалим, мамлекеттик кызматкер боло албайт;
- Аялдар спортко, сейил бактарга барууга, коомдук жайларда бетин ачып жүрүүгө тыюу салынган;
- Бурка кийүү милдеттүү;
- Аялдарга жалгыз көчөгө чыгууга же коомдук транспортто жүрүүгө тыюу салынган;
- Аялдар сот процесстерине катышууга укуксуз.
Бул окуялар талибдердин башкаруусундагы Афганистандагы абалдын барган сайын катаалданып жатканын көрсөтүп турат.