Ооганстанда 1 трлн. долларга жакын пайдалуу кендер бар

Ооганстан жакыр эмес, анын тоолорунда 1 трлн. долларга жакын баалуу кендер катылган.

 
Эксперттердин божомолунда, талибдер электромобилдерди чыгарууда колдонулуучу көп жолу колдонулуучу батареяларды өндүрүү үчүн литий кендерин иштете башташы күмөн, бирок Кытай Кабулда бийлик алмашуудан биринчи пайда алуучусу болушу мүмкүн.
Мындай билдирүүнү CNN телекомпаниясы АКШ бийлигинин маалыматына жана эксперттердин пикирине таянуу менен жасады. Эске салсак, бул божомолду 2010-жылы АКШнын Коргоо министрлиги билдирген.
Билдирүүгө ылайык, Ооганстандагы пайдалуу кендер 1 трлн. долларга жакын деп бааланат. Алар биринчи кезекте темир, жез жана алтын жана  “литийдин эң бай кендери бар”.
Бул металл электромобилдерди чыгарууда дагы колдонулуучу батареяларды жасоодо талап кылынат.
“Ооганстанда, албетте, XXI кылымдын өнүгүп келе жаткан экономикасы үчүн керектүү баалуу металлдар жана дагы эң бай кендер бар”, – дейт коопсуздук боюнча эксперт жана Ecological Futures Groupтун негиздөөчүсү Род Шуновер CNNге.
Эл аралык энергетика агенттигинин маалыматы боюнча, литий кендерин иштетүү орто эсеп менен 16 жылга жакын убакытты алат. Ал эми, Ооганстанда бийликке келген талиптер бул металлды казып алуу менен алектенүү ыктымалдыгы өтө аз.
Эксперттер белгилегендей, жеке компаниялар Ооганстандагы кендерди иштетүүгө инвестиция салуудан да тартынышат. Ошол эле учурда буга Пакистан, Индия жана Кытай кызыкдар болушу мүмкүн.
 Буга чейин CNBC аналитиктери Кытай талиптер менен кызматташууну алгачкылардан болуп башташы жана Ооганстандын сейрек кездешүүчү металлдарын колдонууга аракет кылышы мүмкүн экенин айткан. Белгилей кетсек, “Талибан” Кабулду басып алгандан бир нече саат өткөндөн кийин, Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хуа Чунинг Бээжин “Ооганстан менен достук кызматташууга” даяр экенин билдирди. Анын айтымында, Кытай өлкөдөгү бардык топтордун эгемендигин жана эркиндигин сыйлайт, ошондой эле ооган маселесин саясий жол менен чечүүгө көмөктөшүүчү конструктивдүү ролду ойногон ооган талиптери менен байланышты сактап турат. Хуа кошумчалагандай, талиптер “Кытайдын Ооганстанды калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө катышуусун чыдамсыздык менен күтөбүз” деп “кайра -кайра” билдиришкен.
Эске салсак, июлдун аягында Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Ооган талиптеринин саясий комитетинин башчысы молдо Абдул Гани Барадар менен жолугушкан. Кытай маалымат каражаттары билдиргендей, Кытайдан Борбор Азияга, Африкага жана Европага темир жол, автомобиль, деңиз жана башка жолдорду куруу үчүн инфраструктуралык инвестициялык пландын алкагында Кытайдын “Бир алкак жана бир жол” демилгеси боюнча долбоорлорду жайылтуу менен “согуштан кийинки реконструкцияга жана өнүгүүгө салым кошо алат”.

Комментарий жиберүү