Орусия ТИМи: Орусия Борбор Азияда орус тилдүү калкты басмырлоо учурларын каттайт

Орусия Борбор Азиянын бир катар өлкөлөрүндө орус тилдүү калкты басмырлоо учурларын көзөмөлгө алууну чечти.

 Бул тууралуу ТАСС агенттиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде билдиргенин жазды.
«Биз интернеттеги акыркы материалдар, Казакстандагы, Кыргызстандагы окуялар тууралуу кабардарбыз. Алар орус коомунда кеңири резонанс жаратты. Тилекке каршы, муну биз биринчи жолу көрүп жаткан жокпуз. Тышкы иштер министрлиги, биздин Нур-Султандагы жана Бишкектеги элчиликтерибиз бул чектен чыгууну тез арада жөнгө салышты. Мен коомдук реакцияны эле эмес, практикалык кадамдарды да айтып жатам», – деди Мария Захарова.
Белгилей кетсек, Захарова ушул аптада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен анын Казакстан жана Кыргызстандагы кесиптештеринин телефондук сүйлөшүүлөрүндө Орусия тарап бул өлкөлөрдөгү орус тилдүү калкка карата ички улутчулдуктун көрүнүштөрү тууралуу маселени көтөргөнүн эске салды.
Эске салсак, өткөн апталарда интернет тармагында кыргыз улутундагы киши мас абалында оюн-зоок паркында орус кызды кыргызча сүйлөбөгөндүгү үчүн жемелеп, калькулятор менен чаап жиберген видеосу тараган. Бул окуя бир эле коомдук кызуу талкууларды жаратпастан, дипломатиялык деңгээлдеги маселелерди көтөргөн.

Комментарий жиберүү