БУУнун Башкы ассамблеясы палестиналыктардын уюмга мүчө болуу укугун тааныган резолюцияны кабыл алды

Жума күнү БУУнун Башкы Ассамблеясы палестиналыктардын Уюмга толук кандуу мүчө болуу укугун тааныган резолюцияны колдоп, Коопсуздук Кеңешин бул маселени кайра карап чыгууга чакырды.

Аны 143 өлкө колдоп, тогузу каршы, 25и добуш берүүдөн карманды. Резолюцияны кабыл алуу үчүн мүчө мамлекеттердин үчтөн экисинин добушу керек болчу.

Палестина жана араб өлкөлөрүнүн тобу бул резолюциянын долбоорун бекитүү Палестинага Бириккен Улуттар Уюмунда көбүрөөк укуктарды жана артыкчылыктарды берет деп сунуш кылышкан.

Резолюцияны колдобогондордун арасында АКШ да бар. АКШнын БУУдагы миссиясынын басма сөз катчысы Нейт Эванстын айтымында, “Палестина бийлиги учурда БУУнун Уставы боюнча БУУнун мүчөлүгүнүн критерийлерине жооп бербейт”, документтин кабыл алынышы “палестиналыктар үчүн олуттуу өзгөрүүлөргө алып келбейт” жана Газа тилкесиндеги согушту токтотпойт, деп билдирди.

Израилдин тышкы иштер министри Исраэл Катц Башкы Ассамблеянын резолюция долбоорунун кабыл алынышын ХАМАСты кубаттаган жана израилдик барымтадагыларды бошотуу аракеттерине зыян келтирген “жасалма, бурмаланган жана маанисиз чечим” деп атады.

БУУнун сайтында жарыяланган резолюцияда, “Башкы Ассамблея «Палестина мамлекети БУУнун Уставынын 4-беренесине ылайык БУУга мүчө болуу укугуна ээ жана БУУнун мүчөлүгүнө кабыл алынууга тийиш» деген чечимге келди”, деп айтылат.

Башкы Ассамблея бул маселени Коопсуздук Кеңешине бул чечимдин негизинде оң карап чыгууну сунуштады.

Мындан тышкары, БУУнун Башкы Ассамблеясы эл аралык коомчулукту 1967-жылы башталган Израилдин оккупациясын тез арада токтотууга жана Палестина маселесин жана Израил-Палестина жаңжалын эл аралык талаптарга ылайык адилеттүү, туруктуу жана тынчтык жолу менен чечүү үчүн аракеттерди жандандырууга жана координациялоого чакырды.

БАЭнин БУУдагы элчиси жана өкүлүнүн орун басары Мохаммад Абу Шахаб БУУнун Башкы ассамблеясында мындай деди: “Бүгүнкү күн тарыхтын маанилүү учуру. Резолюция долбоору 75 жылдан ашык куугунтукка жана эң негизги укуктарынан ажыратууга чыдаган Палестина элинин келечегине терең таасирин тийгизет”.

Ал тынчтыкты сүйгөн Палестина эли БУУ аркылуу адамзатка натыйжалуу кызмат кылуу үчүн бул мүмкүнчүлүккө татыктуу экенин жана Палестина өкмөтү эл аралык коомчулукта өзүнүн ордуна татыктуу жана толук мүчөлүккө укуктуу экенин көрсөткөнүн баса белгиледи.

Анын айтымында, Палестинанын БУУда толук мүчө болушу эки мамлекет чечимин колдогон күчтүү билдирүү болот.

“Бүгүнкү резолюция долбоорун колдоп добуш берүү менен БУУнун мүчөлөрү Палестина элинин мыйзамдуу укуктарын колдоп, кош стандарттарды четке кагышат. БУУнун резолюциясын колдоо палестиналыктардын келечегине “терең таасир тийгизет”, – деди Мохаммад Абу Шахаб.

Небензя АКШнын позициясын сынга алды

Добуш берүүнүн алдында Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Палестинанын БУУга мүчөлүгү Палестина маселесин чечүүнүн биринчи кадамы болорун билдирди. Ал бул резолюция долбоорунун кабыл алынышы палестиналыктардын БУУдагы статусун өзгөртпөгөнү менен аларга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү берерин кошумчалады.

«АКШнын позициясынан улам Палестина БУУдагы туруктуу байкоочу статусу менен гана канааттанууга аргасыз, бирок бул долбоор кабыл алынгандан кийин да ушундай бойдон калат, бирок БУУнун Башкы Ассамблеясында жана анын алкагында өткөрүлүүчү жолугушуулардын алкагында натыйжалуураак иш алып баруу үчүн бир катар кошумча мүмкүнчүлүктөрдү алат , – деп баса белгиледи Россия Федерациясынын туруктуу өкүлү.

Небензя АКШнын позициясын сынга алып, Палестинанын толук кандуу мүчөлүгүн колдоо “ар бир адамдын моралдык милдети” экенин айтты.

Британиянын БУУдагы элчиси жана өкүлү Барбара Вудворд Палестинанын Бириккен Улуттар Уюмуна толук кандуу мүчөлүгү жөнүндөгү резолюцияга добуш берүүдө карманып, Лондон эки мамлекет чечимин колдорун жана бул максатка жетүү үчүн биринчи кадам Газадагы кризисти дароо чечүү керек экенин айтты.

“Улуу Британия Израиль жана Палестина эли үчүн коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кыла турган эки мамлекеттүү чечимди жактайт”, – деди Вудворд.

Палестина БУУга толук мүчө болуу аракети

Палестина БУУнун толук кандуу мүчөлөрүнүн катарына кабыл алууну 2011-жылы эле суранган, бирок ишке ашкан эмес. Бирок анда БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 15 мүчөсүнүн тогузу тарабынан керектүү колдоо ала алган эмес. 2012-жылдын ноябрынан тарта палестиндер БУУда байкоочу статусун алган. 2024-жылдын апрель айында мамлекет БУУнун мүчөлүгүнө кабыл алуу өтүнүчүн кароону Коопсуздук Кеңешинен расмий түрдө суранган. Анын өтүнүчүн Араб тобу, ИКУ жана блокторго кошулбоо кыймылы колдогон.

Апрель айында Кошмо Штаттар БУУнун Коопсуздук Кеңешинин палестиналыктарды уюмдун толук укуктуу мүчөсү деп таануу боюнча резолюциясына бөгөт койгон. Эрежеге ылайык, уюмга мүчө болуу арызы алгач БУУнун Коопсуздук кеңешинде, андан кийин Башкы ассамблеяда бекитилиши керек.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Башкы ассамблеяга палестиналыктарды эл аралык уюмга толук кандуу мүчө кылууну сунуштаган резолюциянын долбоорун кабыл алган эмес. Анда Коопсуздук кеңешинин 12 мүчөсү макул деп добуш берсе, дагы экөө калыс калып, АКШ ага каршы добуш берген жалгыз өлкө болгон.

Резолюцияны колдоо үчүн кеминде тогуз добуш керек болчу жана Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн ветосу жок болуш керек. Процедурага ылайык, эгер документ талап кылынган добуштарды алып, ага эч ким бөгөт койбосо, ал БУУнун Башкы Ассамблеясына кароого жөнөтүлөт. Палестинанын толук мүчөлүгүн бекитүү үчүн Башкы ассамблеянын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинин добушу керек.

Учурда Палестина мамлекетин 140 мамлекет тааныган, бирок бул санга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин үч туруктуу мүчөсү – АКШ, Улуу Британия жана Франция кирбегендиктен абал татаалдаштырууда.

Комментарий жиберүү