Австралиянын чыгышында бороон жана селден миңдеген адамдар үй-жайсыз калышты.
Бул тууралуу Австралиянын маалымат каражаттары жергиликтүү булактарга таянуу менен билдиришкенин чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Өлкөнүн чыгыш тарабында акыркы күндөрү жүргөн катуу сел жана бороондон оор жоготуулар болгон.
Акыркы күндөрү Австралиянын чыгыш жээгинде кеминде үч жерде катуу сел коркунучу жарыяланып, миңдеген адамдар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Өлкө бийлиги буга чейин Сиднейдин он миңдеген тургундарын коргонуу үчүн үйлөрүн таштап кетүүгө чакырган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, селден 20дай адам каза тапкан.
Австралиянын Улуттук метеорология борбору шаар тургундарына алдыдагы күндөрдө да Сиднейде абал кооптуу болорун эскертүүдө.