Жонс Хопкинс университети 2022-жылдын 10-майына карата дүйнөдө 517 миллион 888 миң 062 коронавирус инфекциясын жуктуруу учуру катталганын билдирди.
Бул тууралуу коронавирус боюнча Республикалык штаб маалымдады.
Маалыматка ылайык, дүйнө жүзү боюнча илдеттен 6 миллиондон ашуун адам каза болгон. Ал эми, ага каршы 11 миллиард адам эмдөөдөн өткөн.
Эксперттердин айтымында, коронавирустун качан бүтөөрүн айтуу азырынча мүмкүн эмес. Анткени, вирус мутацияга кабылып, ар кандай штаммдар жана белгилелери байкалып жатат. Учурда вируска каршы эң натыйжалуу коргоо бул – эмдөө болуп саналат.
Көптөгөн өлкөлөр COVID-19га каршы чектөөлөрдү алып салышты, анын ичинде Кыргызстан да бар. Алсак, 1-майдан тарта Кыргызстанга киргендер үчүн ПЧР-тестин жана эмдөө сертификатын жокко чыгаруу буйругу күчүнө кирди.
15-майдан бери Дания коронавируска каршы эмдөөнү токтотту. Мындай чечимди өлкөнүн өкмөтү кабыл алган. 5,8 миллион калкы бар Дания калкынын 82% эмдөөдөн өткөн. Башкача айтканда, беш адамдын төртөө толук эмдөөдөн өтүп, вирустан корголгон. Эмдөө боюнча кампания кайрадан ушул жылдын күзүндө улантылат.
Испания Евробиримдиктин жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары үчүн учурдагы абалга байланыштуу кирүү чектөөлөрүн 15-майга чейин узартты. Туристтер мамлекетке EMA же ДСУ тарабынан бекитилген COVID-19га каршы эмдөө сертификаты менен гана кире алышат. Эмдөө 270 күн мурда жасалган болушу керек. Ошондой эле коронавирустан айыккандыгы тууралуу күбөлүк тапшырууга болот.
Германия жаңы омикрон-штаммына каршы вакцинаны 2022-жылдын күз мезгилинде колдоно баштайт. Себеби, немис дарыгерлери эпидемиологиялык абалдын начарлашын жокко чыгарышпайт.