Ч. Айтматовдун «Биринчи мугалими» улуулуктун жана асылдыктын символу – проф. В. Алимасов

Бүгүнкү күндө дүйнө коомчулугу улуу жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер, кыргыз элинин атактуу уулу, Чыңгыз Айтматовтун туулган күнүн 95 жылдыгын белгилеп жатышат.

Ушул алкактагы иш-чаралар Өзбекстанда да эң жогорку деңгээлде өтүүдө. Анткени, өзбек калкы, өзбекстандык окурмандар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду өтө сыйлашат. Жазуучунун дээрлик бардык китептери өзбек тилине которулган, илимий чөйрөдө “айтматов таануу” багыты жаратылды.

Өзбекстандык окумуштуулар Ч. Айтматов чыгармаларынын маани-маңызы боюнча өз ой-толгоолорун такай билдирип келишет. Мына ошондой иш-чаралардын алкагында, өзбек “айтматов таануучуларынын” бири, таанымал окумуштуу, философия илимдеринин доктору, Ташкент мамлекеттик искусство жана маданият институтун профессору Виктор Алимасов улуу жазуучунун алгачкы чыгармаларынан бири, “Биринчи мугалим” повести тууралуу өз ой-толгоолорун окумандарга сунуштады.

“Ч. Айтматовдун «Биринчи мугалим» повестин окугандан соң окурман өткөн менен азыркыны салыштырууну каалайт эмеспи. Ал эми чыгармадагы окуялар, анын аң-сезиминдеги тарыхый чындыкка канчалык жакын? Дүйшөн тирүү эместир, бирок карапайым элди агартуу, сабаттуу кылуу түйшүгү менен жашаган “биринчи коммунисттерчи?” Кыргыздар, айрыкча Дүйшөн менен Алтынай жашаган айылдагы кыргыздар кат-сабаттан алыс болгонбу? – деген суроолор туулат. Бул суроолорго жооп издеп убара болбой эле коёбуз, анкени муну кыргыз элинин тарыхын изилдеген адистердин этибарына калтырабыз. Бирок жазуучунун кайталангыс таланты, образдын стили жана чындыкты чын дилден айта алган духу окурманды “Биринчи мугалимдеги” окуяларды реалдуу турмуш катары кабыл алууга үндөйт.

Комсомолго мүчө болгон Дүйшөн элине, келечегине кызмат кылууну кыялданат. Дүйшөндүн патриархал салт-санаалардын сазына батып, чындык менен адилеттүүлүк унутулуп, өзүнүн тар кызыкчылыгы, ой-пикири менен жашаган учурда пайда болушу чоң окуя болду. Анткени ал кедей-кембагалдардын жана жетимдердин балдарын окутуп, аларды сабаттуу кылуу ниетиде болгон. Дүйшөн замандан артта калган турмуш образына, жат көрүнүштөргө, акыл-эсти муунтуп жаткан каада-салттарга каршы күч катары алга умтулат. Китептин каарманы да өз мойнуна алгандай, анын билими, ката-сабаты жетиштүү болгон эмес, бирок балдарга тамга таанытып, китеп окуганды үйрөтө алчу. Ал чын дилден келечекте окуучуларынын “улуу инсан болушун” каалайт. Бул тилекте коммунисттик идеал бар, башкача айтканда, кедей-кембагалдарды кат-сабаттуу, билимдүү, аларды кылымдар бою уланып келе жаткан терс каада-салттардан сактап, коомдук-тарыхый өнүгүүнүн субъекттерине айландыруу. Каарман буга чын дилинен ишенет.

Ч. Айтматов Дүйшөндөгү сапаттарды турмушта болбогон чындыктан алып, ошол кезде өкүм сүргөн идеологияга көзүн жумуп ээрчип кетти, деп айта албайм. Анткени бул окуянын көркөм-эстетикалык баалуулугун көрсөтүп турат. Дүйшөн сыяктуу прогрессив, алдыңкы ой-пикирге ээ болгон адамдар чынында эле болгон. Анткени, жалпы калкы эч ойлобой, алардан кээ бирөөлөрү сезими, ички туюму, башкалары чын дили менен эски жашоого каршы чыгып, ошол кездеги терс каада-салттарга, көз караштарга каршы чыгат. Андай инсан, анын ой-туюму кандай идеяга ишенбесин, сабатсыздыкты, турмуштан артта калгандыкты четке кагат, жаңылануу үчүн жанын курман кылуудан, карапайым элдин шылдыңынан, кемсинтүүсүнөн коркпойт. Дүйшөн мына ушундай каарман болгон.

Жетим балдарды мектепке тартуу менен келечекке кызмат кылуу ой-тилеги жана аракетинде Дүйшөн жалгыз болгон жок. Ал жаңы, совет бийлигине таянат. Жазуучу Дүйшөндүн жердештерине айткан эмоционалдуу сөздөрүн келтирип, анын советтерге чын жүрөктөн ишенээрин чеберчилик менен баяндайт.

Эскерте кетсек, өткөн доорго жана тарыхка баа бергенде, ошол кездеги реалдуу турмуштан келип чыгууну унутпаш керек. Дагенстандык улуу акын Расул Гамзатовтун, “Өткөн заманды тапанча менен атканды, келечек замбирек менен тосуп алат”,- деген нукура сөзү бар. Ушул маанайда, совет бийлиги кыргыздарды эл, улут катары бириктирүүгө, улуттук мамлекетти түзүүгө жардам берген. Бул коомдук-тарыхый маанидеги чындык Ч. Айтматовдун повестиндеги Дүйшөндүн сөзүнө ишенүүгө түрткү берет.

Окуя Алтынай аркылуу баяндалат. Жетим кыздын жүрөгүндө окууга, билимге болгон кызыгуу бар. Он төрткө чыгып, сабатсыз таякесинин үйүндө, ажаан жеңесинин басымында жашаган Алтынай Дүйшөндөн жылуу сөз угат. Анын «Алтынай – ысымың өзүнө жарашып, сулуу» деген сөзү боштондуктун, үмүттүн, жаркын келечектин жышаанындай туюлат. Бул сезим Лейли менен Мажнундун сүйүүсүнө айланып, каармандардын жашоосун кооз драмага чөктүрүшү мүмкүн болгон. Алтыной да бул сезимге багынууга жан-дүйнөсү менен даяр эле.

Жазуучу катаал турмуштун талабынан, улуттук каада-салттарга ылайык ой жүгүртүүнү артык көрөт, Дүйшөн өзүнүн сезимдерин ачпайт. Мүмкүн, жазуучу Дүйшөнгө мугалимдик милдетти жүктөп, аны баш ийүүгө, жигиттин сезимин, дилгирлигин курмандыкка чалууга мажбурлагандыр. Менимче, окурмандын тилин кытыгылаган сыр, чындыгында, каармандардын сезимдерин чебердик менен жашырган жазуучунун чыгармачылык стили болуп чыга келди. Эгерде Дүйшөн мугалимдик милдетин унутуп, сезимине, ой-кумарына эркиндик берсе, Алтынай менен түбөлүк бактылуу жашамак. Бирок ал, бул бакытты ишеними жана идеалы үчүн курмандыкка чалат; ал үчүн бакыт үй-бүлө куруу эмес, окуучуларын «улуу» адамдар катары көрүү болгон.

Арадан жылдар өтүп, Алтынай философия илимдеринин доктору, академик болгондон кийин кыштагына келет. Бир кезде Дүйшөн менен чогуу мектебинин короосуна тигилген кош теректин ажайып көрүнгөнүн, жалбырактары шамалга шыбырап, оор күндөрдү жеңген балбандай, тикесинен тик турганын көрдү. Мында кош терек – кош тагдырдын белгиси; Каармандардын бири-бирине умтулуп, чогуу башынан өткөнгөн кубанычтарын, кайгы-капаларынын белгиси.

Убакыт өтүп, биринчи мугалим карыя почтальонго, жетим кыз болсо чоң окумуштууга айланды. Жылдар менен жолдор, согуш менен кыйынчылык көп нерселерди эстен жууп салды, жол, мектеп, дүкөн көрбөгөн кыргыз айылы учурда цивилизациянын жетишкендиктерне ээ болду. Бирок каармандын оюнда бир несе бүдөмүк боюнча калат – ал өзүнүн биринчи мугалимине жолуга албай, жекеме-жеке баарлашпай, көп жылдар бою жүрөгүнөн өчпөгөн сезимдерин ачык айта албады.

Дагы бир орчундуу окуя. Алтынай жаңы мектептин ачылыш салтанатында эң сыйлуу, башкы конок болгону менен Дүйшөндү дасторконго чакырганга батына албайт. Тилекке каршы, алардын ортосунда чоң айырма бар эле – эл атактуу академиктин жанынан катардагы почтальонду көрүүнү элестете алган эмес. Алтынайдын тилинен жазуучу: «Качан биз карапайым элди чын жүрөктөн урматтоо адатыбыздан баш тарттык?» деген суроону берет.

Көркөм адабият азыр детективке бай болуп, зордук-зомбулукту, атаандаштыкты, кумарды, байлыкты, уятсыздыкты, турмуштагы терс көрүнүштөрдү, окуяларды , адамдарды чагылдырып, аларды заманыбыздын каармандарынын деңгээлине көтөрөт. Кылмыштуу сюжети жок чыгарма кызыксыздай болуп көрүнөт, драмалык жагдайлар гана окурмандын жана көрүүчүнүн көңүлүн бурат.

Мына ушундай кырдаалда Ч. Айтматовдун «Биринчи мугалим» повести, чынын айтканда, эскирген, алтургай, элди тажаткан чыгармадай сезилет. Криминалдашкан дүйнө биздин фантазиябызды, табитибизди да криминалдаштырды, спектаклде тополоң, куугунтук, ок атуулар канчалык көп болсо, ошончолук кызыктуу көрүнөт.

Турмушта туруктуу, залкар, асыл, нукура нерселерди чагылдырган чыгармалар да бар экенин бүгүнкү окурман унутуп бараткандай. “Биринчи мугалим” чындыгында жашоодогу ушундай туруктуу, улуу жана асыл нерселер жөнүндө. Алар жаркын келечекке үмүт менен умтулуп, жаңылыкка, билимге суусап, адамдык сезимдерди, сүйүүлөрдү сактап, даңазалап, жайылтышат. Бул Ч. Айтматовдун чыгармачылыгына мүнөздүү болгон гумандуулук, кайрымдуулук болуп саналат”.

Маекти жазып алган
Төлөнбай Курбанов.
Ташкент, 12 декабрь, 2023 жыл.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *