К. Көлбаевдин өлтүрүлүшүнүн себеби эмне жана анын ордун ким басышы мүмкүн?

(2-маек)

Кыргызстанда мурда “криминалдык аталык” деп гана аталып келген Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) УКМК тарабынан үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында жок кылынгандан кийин көптөгөн жагдайлар ачыкка чыгууда. Көрсө, ал өлкөбүздөгү баардык кирешелүү ишкана, мекеме, кен байлыктарды басып алып, бизнес пирамидасын түзүп алыптыр. Ал тургай айыл өкмөтүнөн тартып, Ак үйгө чейинки чиновниктер, ЖК депутаттары Көлбаевдин “добросу” менен дайындалып, албетте ага кызмат кылып келишкендигине күбө болуудабыз. Айтор, криминал өлкөбүздү узун-туурасынан көзөмөлгө алып, көмүскө бийликке айланып кеткен экен. Биз бул багытта белгилүү коопсуздук маселелери боюнча эксперт, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары  Медетбеков Артур Капаровичке бир нече суроолор менен кайрылдык.

-Камчы Көлбаевдин атылып өлтүрүшүнүн дагы бир себеби чегарага байланыштуу деген ойлор айтылды. Буга кандай дейсиз?

-Көлбаевдин Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасына тиешеси болушу мүмкүн эмес. Анын тиешеси  Америка Кошмо Штаттарынын департаменти тарабынан наркотик боюнча кара тизмеге  киргени так. Бирок, бизге наркотик Тажикстан аркылуу 4 жактан өтө турганы маалым. Мына ушул жерге тиешеси болушу мүмкүн. Бирок, чек арага түздөн-түз таасирин тийгизе албайт.

-Кримтөбөл, наркобарон аталган  Көлбаевдин атылып өлтүрүлүшү боюнча  окуя күтүлгөн беле же кокустукпу? Себеби, ал буга чейин күч органдары тарабынан чакырылган убакта Көлбаев каршы болбой суракка келип турганы маалым болчу…

– Көлбаев жөнүндөгү официалдуу маалыматтарга караганда, анын чөйрөсүндөгү топ көптөгөн кылмыш иштерин жасаган. Бир нече ресторан, жеке  ишканаларды рейдерлик жол менен басып алып,  тоноого барган фактылар айтылып келет. Мындан тышкары бир, эки буйуртма  адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деген маалымат боюнча коопсуздук кызматында далилдүү маалыматтар эбак эле  топтолуп калган. Бул жакынкы ушул жыл ичинде болгон окуя. Ал эми мурунку  кармалганда мурдагы статьялардын  негизинде кармалып, эч кандай далил жок болгондуктан кайрадан эркиндикке  коё беришкен. Бүгүнкү күндө далилдердин негизинде шектүү катары  кармоонун   атайын операциясы жүргөн. Албетте, көпчүлүгү ойлоп жатат чакыруу менен чакырса деле келмек деп. Негизи буга чейинки арыздардын кылмыш иштеринин негизиндеги иштер топтолуп калып, мунусунда качып кетпесин, жашырынбасын же өзүнүн командасы менен каршылык көрсөтпөсүн  деген вариант менен атайын кармоо операциясы жүргөндө  каршылык көрсөткөндүктөн жок кылынган.

-АКШ бийлиги Көлбаевди дүйнөлүк наркобарондордун тизмесине кошкон.  Биздин бийлик башындагылар андан мурда Америка Кошмо Штаттарына барып келгенден кийин Камчы Көлбаев атылып өлтүрүлүп ушул окуя болду. Өлкө башчысынын АКШга барганы менен байланышы болушу мүмкүнбү?

-Менин оюмча, бул дал келүүчүлүк болуш керек. Себеби, Көлбаевдин акыркы убакта уюшкан кылмыштуу топторунун мүчөлөрү аябай көп кармала баштабадыбы. Алар коркутуу, үркүтүү менен бизнесмендерге көп зыян келтиришти.  Булардан азап чеккендер жүздөгөн, балким андан да көп кишилер бардыр. Мына ушулардын баарын эске ала турган болсок, Кыргызстанда мыйзамдуулукту орнотуу, инвесторлорду сактоо жана  өлкөдө стабилдүүлүк болуш үчүн тартип керек да. Албетте, милдеттүү түрдө буларды кармап туруп тергөө иштерин тыкыр жүргүзүш керек. Атайын операция учурунда каршылык көрсөткөндөн кийин атайын кызмат ушул кадамга барды. Себеби, мыйзам жол берет.

Эгер каршылык көрсөтпөсө, провокацияга алдырбаса буларды эч ким атпайт болчу.  Атканга да мүмкүнчүлүк болбойт эле. Албетте, убактысы келгенде биз билбеген факты билинет дечи, ал ресторанда официант, администратор, андан тышкары жанында жүргөндөр күбө катары айтып берет да. Кийин болбосо да сотто айтат. Экспертизанын жыйынтыктары болот. Териштирүүлөр  жүрөт да, туурабы?  Айтор, көп маселелер ачыкка чыгышы мүмкүн. Чындыгында кримтөбөл Камчы Көлбаевди  атайын атты дегенден алысмын. Бирок, ачыгын айтканда криминалдык топтун мүчөлөрү болобу же ана башчылары болобу дайыма ушундай окуяга дуушар болот. Алар  өздөрү бирин-бири атышат же бийликке каршы чыкканда  ушундай атышуудан жок болот. Бул алардын өздөрү тандап алган жол.

-Эми кылмыш дүйнөсүндө ич ара талаш-тартыш болушу мүмкүнбү?

-Менимче Камчы Көлбаев жана анын тобу өз убагында Кыргызстанда криминалдык пирамида түзүп койду. Аны колдогон куралдуу тобу да күчтүү, кулачы абдан чоң жайылган эле. Көптөгөн Ак үй, Көк үйдө иштеген чиновниктерди кээ бирин сатып алды, кээ биринин бизнесине жардам берди.  Кээ бирин коркутту,  андан тышкары кайсы бирине депутат болуп келишине жардам берди. Ошол эле учурда жергиликтүү партияларга өздөрүнүн кишилерин койду. Кыргызстан боюнча көп жерлерде анын таасири чындап  күчөп кеткен болчу. Мындан тышкары эл аралык  кылмыш дүйнөсүндөгү деңгээли да  аябай  катуу күчөп, кадыр күткөн.

Ошондуктан криминалдык топтун мүчөлөрү да  акыркы убакта чектен чыгышып, кутуруп кетишкен эле. Булар бирөөнү атып салып качып кетишип, кайра кармалып соттолуп,  кайра чыгып кетип, коркутуу же компроматтар менен ар кандай кырдаалдан чыккан учурлар көп болгон. Бул багыттан алып карай турган болсок, Көлбаевдин деңгээлинде келечекте  дагы бир криминалдык авторитет чыгышы мүмкүн эмес.

Себеби, Кыргызстанда улам улам төңкөрүштөр болуп, ар кандай бирине-бири карама-каршылык күчөп, саясатка аралашып кетишип  ушундай абалга келдик. Бүгүнкү күндө бийлик дагы, коомчулук дагы  мына ушуга окшогон криминалдык топтун түзүлүшүнө жол бербейт деген ойдомун. Себеби, Көлбаев жана анын командасына болгон күч структурасынын күрөшү сабак болот. Ал эми жаңы криминалдык топтун анабашчылары же мүчөлөрү  Көлбаевдин  деңгээлине  жете ала тургандары жокко эсе деп кесе айта алам. Анткени, күчтүү бийлик алардын тамырын кесе баштайт. Ошол эле убакытта массалык маалымат каражаттары аркылуу кеңири таркап, эл да алардын былыктарын билип калышты. Бул дагы өзүнчө таасирин тийгизет.

-Буга чейин криминалдык топтор тазаланышы мүмкүн, ордуна Сакал каймана аттуу Улан Токтосуновдеген келет экен деген кептер чыккан эле. Көлбаев өлтүрүлгөндөн кийин Сакалдын аты кайрадан оозго алына баштады…

– “Сакал” келеби же башкасы келеби баары бир алар Көлбаевдин деңгээлине  чыга албайт. Анын үстүнө  түрмөдө отурат. Балким, анын келиши түрмөлөрдө бунт болбош үчүн Сакалды же башкасын колдонушу мүмкүн. Негизинен локалдуу түрдө Көлбаевдин же дагы бир кылмыштуу топтун каза болгон адамдардын тарапташтары, достору көп жеринде туулган жерине  митинг, пикет, өкмөткө кайрылуу же эл аралык деңгээлде коомчулукка кайрылуу менен кандайдыр бир  чакан баш-аламандыкты жасоого умтулушу мүмкүн. Укук коргоо  органдарынын мындай башаламандыкты басканга күчү да, шарты да бар.

– УКМКнын төрагасы  Камчыбек Ташиев “караларга” “Өлкөдөн чыгып кеткиле, же биз силерге аёосуз күрөш жүргүзөбүз!” деп алдын ала эскерткен эле…

-Криминалдык топтордун чыгып кеткени чыгып, качканы  качып кетишти. Көлбаев өзүнүн тамырын аябай жайылтып жибергендигинен уламбы “мага эч ким тие албайт” деп өзүнө ишенип, ошондой ток пейил сезим менен жүрүп калган. Кала берсе ал күч структураларынын сот, прокуратураларына чейин таасирин тийгизип, кармалса кайра чыгып кетип жүргөнү да чындык. Ошондуктан ал өзүнө дайыма  ишенимдүү болгон.

– Эмне үчүн Азиз Батукаевге жасалаган  мамиле  Камчы Көлбаевге жасалбады. Тескерисинче атып салышты? Ал эми Батукаевди кызыл килем менен Чеченстанга узатып коюшту…

– Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда тегерегиндеги адамдардын көбүн өзү да жакшы билбей калды окшойт. Анын тегерегиндегилер кыйратып иштеп жатам деген түр менен көпчүлүгү өзүнүн кызыкчылыктарын биринчи орунга койгондугунун эсебинен ар кандай саясий кырдаалдар жаралса керек деген ойдомун.

Мисалы, Азиз Батукаевдин карындашы Яха Кыргызстанга келип сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ошол учурда кандайдыр бир милдеттенмелерди алышкан да. Жаныш Бакиевди кармап, анын бизнес активдерин силер аласыңар деген максаттуу пландын негизи менен сүйлөшүүлөр менен ишендирип, Батукаевди ага алмаштырып, аны бул жактан алып чыгышкан. Ага чейин Батукаевди биринчи кармаганда аны аябай тепкилеп, ал бир жарым ай ооруканага жатып чыккан. Бирок, атыша алган жок.

Экинчи жолу Нарындан түрмөдөн чыгарганда аны атуунун да зарылчылыгы болгон эмес. Себеби, ал эч кандай  каршылык көрсөткөн эмес. Үчүнчүдөн, ошол убактагы президенттин командасынын буйругу менен чыгарылгандыктан, Кыргызстандын укук коргоо органдарына болуп көрбөгөндөй сокку болгон. Мындайча айтканда, башка чапкандай эле болуп калган. Ошол убакта буйрук берген менен ошонун азабын өзү да, андан тышкары  ондон ашык адамдар да  тартып калышты.

-Россиянын, Чеченстандын президенттеринин ортого түшүп, алардын  суранычы менен Батукаев эркиндикке чыгарылды деген сөздөрдүн чындыгы барбы?

-Менин пикиримде Атамбаевдин мындай келишимге келишинин негизинде дагы кандайдыр бир ортомчулар финансы жактан кызыктар болгон  же Атамбаевдин өзүнүн мүнөзүнө таандык “да” деген сөзү менен абройлуу адамдардын алдында сөз берип алып, кийин кайта албай калышы да мүмкүн да.

Маектешкен Турдайым Кожомбердиева.

Комментарий жиберүү