«Суунун жер астындагы ресурсу тездик менен азаюуда» – окумуштуулар

Глобалдык изилдөөлөр жер астындагы суулардын дүйнөлүк ресурсу азайып бараткандыгын көрсөтүүдө:  суунун деңгээли бүтүндөй дүйнө жүзү боюнча кескин төмөндөп баратат жана XXI кылымда бул төмөндөө тездеген. Анткен менен баари бир үмүт кылууга негиз бар экендигин  ETH Zurich (Цюрихтеги Швейцария федеральдык технологиялык институт) жазды.

Акыркы 40 жылдагы 170 миңден ашык скважинаны жана 1700 жер астындагы суу системасын окумуштуулар изилдегенден кийинки тыянак тынчсызданууну тастыктоодо: жер астындагы суунун глобалдык кору тездетилген ылдамдык менен азайып жатат. Бул көрүнүш Калифорния, Жер Ортолук деңизи жана чөлдүү өлкөлөрдөгү айыл чарба ишмердүүлүгү жер астындагы сууну ашкере көп колдонгондуктан алардын соолуп калышына алып келген аймактарда өзгөчө сезилерлик болууда.

Жер астындагы суунун корунун азайышы 2000-жылдан тартып тездеди

Анткен менен айрым жер астындагы сууларды пайдалануу боюнча иштелип чыккан саясаттын үзүрү болууда.

Өткөн жылдын ноябрь айынын башында  «Нью-Йорк Таймс» басылмасы «Америка өзүнүн жер астындагы сууларын эртеңки күн болбой тургандай сарптап жатат» деген материал жарыялаган. Бирок мындай көрүнүш бир эле Америка менен чектелип калган жок.   «Башка мамлекеттер деле жер астындагы сууларды эртеңки күн болбой тургандай эле коромжуга учуратууда», — деп айтты ETH Zurich уюмунун улук илимий кызматкери  Хансьерг Сейболд

Суу ресурстарынын тездик менен азайып бараткандыгынын илимий далилдери 

Санта-Барбарадагы (UCSB) Калифорния университетиндеги изилдөөчүлөр менен биргеликте иш жүргүзгөн окумуштуулар  дүйнөнүн ар кайсы аймактарында жер астындагы суулардын чектен тыш сордурулуп алып жатышы тууралуу жазган журналисттердин опурталдуу тыянагын далилдешти. Акыркы 40 жылдагы 170 миңден ашык скважина жана 1700 жер астындагы суу системасына жүргүзүлгөн анализ жер астындагы сууну алуу дүйнөлүк масштабда көбөйгөндүгүн көрсөттү. Суу сордуруучу сестемалардын көрсөткүчү планетанын баардык аймактарында 1980-жылдан тартып төмөндөөдө, ал эми 2000-жылдан тартып бул  процесс тездеген.

Азык-түлүк өндүрүү жана климаттын өзгөрүүсү көйгөйдү татаалдаштырууда 

Дүйнө калкынын көбөйүүсү, өзгөчө чөлдүү аймактарда азык-түлүк өндүрүү зарылчылыгын пайда кылат.

Климаттын өзгөрүүсү  тилекке каршы көйгөйдүү чечпеген нөшөрлөгөн жаан жаашын пайда кылат. Айрыкча ири шаарлардагы топурак калың жерлерде жайгашкандыктан, суу кыртышка сиңбейт.

Тенденцияны калыбына келтирсе болот

Иликтөөлөр ошондой эле жакшы жаңылыктарды көрсөтүп жаткандыгын иш чаранын авторлошу  Дебра Перроне билдирди. «Айрым райондордогу соолуп калган суу горизонттору туура мамиле жасалган же альтернативалуу суу булагы бар жерлерде калыбына келген».

Бул айтылганга мисал катары Женева кантонунда жана кошуна француз Жогорку Савойя департаментиндеги 700 миң адамды ичүүчү суу менен камсыз кылган Женева суу горизонтун айтсак болот.

Айрым мамлекеттерде суу менен камсыз кылуудагы көйгөйдүү жеңилдетүү чаралары көрүлүүдө. Айталы Испанияда сууну Пиренеевден өлкөнүн борбордук бөлүгүнө буруу менен Лос-Ареналести суу горизонтун камсыз кылуу менен ири суу түтүгү курулган.  Аризонада Колорадо дарыясы жер астындагы сууну толтуруу үчүн башка суу кампаларга  бурулууда.

«Мындай мисалдар — үмүттүн учкуну. Бирок чөлдөрдө же жарым чөл аймагында жер астындагы суу ресурсу такыр соолуп калганда аны кайра калыбына келтирүү үчүн  жүздөгөн жылдар керек болушу мүмкүн. Себеби акыркы жылдары кышында кар, жаз, жай айларында жамгыр аз жаап, ал бууланып кеткен суу ресурсун кыска мезгилде толтура албайт», — дейт UCSBнин изилдөөчүсү жана автор Скотт Ясечко.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *