“Дахе-е Фажр”: Ислам революциясынын негиздөөчүсү Хомейнинин мекенине кайтып келиши. Сүрөттөр

1-февралдан баштап Иранда 1979-жылдагы Ислам революциясынын жеңишинин 45 жылдыгына арналган он күндүк майрамдар башталды.

Мындан 45 жыл мурда, 1979-жылы 1-февралда (12-бахман) Иран Ислам Республикасынын  негиздөөчүсү Имам Хомейни Франциядан 15 жылдык сүргүндөн мекенине кайтып келген. Бул учурда Шах Мухаммед Реза Пехлеви үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен. Шах ошол бойдон Иранга кайтып келген эмес.

Хомейни учакта Тегеранга кайтып келаткан учур

Аны Тегеран шаарынан 3 миллиондон ашуун адам тосуп алган.

Аятолла Хомейни Тегеранда. 1-февраль 1979-жыл

Бул күн Иран календарында Фажр декадасынын башталышы катары белгиленет.

Ал күнү Аятолла Хомейни «Air France» авиакомпаниясынын 4721 чартердик рейси менен «Boeing 747» учагы менен Тегерандагы Мехрабад аэропортуна эртең мененки саат 9:27де конгон.

Имам Хомейнинин уулу Ахмад жана ишенимдүү шериги Мортаза Мотаххаринин коштоосунда учактан түшүп жаткан тарыхый учурдун сүрөтү бүт дүйнөгө тараган.


Хомейни аэропортто сүйлөгөндөн кийин революция маалында курман болгон демонстранттардын көпчүлүгү коюлган “Бехеште Захра” күмбөзүнө барган.

Күмбөздүн жанында Хомейнинин жактоочулары аны тосуп алышууда

Миллиондогон жактоочулар анын атын ураан чакырып, жүз миңдеген адамдар анын сөзүн угуу үчүн көрүстөнгө чогулушкан.

Хомейни Бехешт-Захра көрүстөнүндө элге кайрылып жаткан учуру

Аятолла Хомейни Иранга кайтып келгенден он күн өткөндөн кийин 11-февралда (22-бахман) Иран Ислам Революциясы толук жеңишке жеткен.


Буга байланыштуу Иранда 1-февралдан  11-февралга чейин он күн “Дахе-е Фажр” белгиленип, өлкө боюнча Ислам революциясын даңазалаган ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп келет.

Ислам революциясынын жеңишинин 45 жылдыгынын алдында Ирандын учурдагы рахбары Аятолла Али Хаменеи Ислам революциясынын улуу негиздөөчүсү Имам Хомейнинин күмбөзүнө  зыярат кылып, имамды эскерип Куран окуду.

Ирандын учурдагы Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи Имам Хомейнини эскерип жатат

Имам Хомейни өз өмүрүн Иран өлкөсүнүн саясий, экономикалык, коомдук жана маданий турмушунун оңолушуна арнап, мамлекетинин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн алгылыктуу иштерди жасаган.

Бүгүнкү күндө Иран Ислам революциясынын жеңиши менен душмандардын бут тосууларына, эл аралык санкцияларга карабай экономикасын көтөрүп, илим, изилдөө, медицина, өнөр жай, космос жана башка тармактарда көптөгөн ийгиликтерге жетишип, дүйнөдө эң бийик деңгээлге жете алды.

Комментарий жиберүү