Турсунбай Бакир уулу: ХАМАС барымтадагыларды Израилге толук берип салса да жаңжал токтобойт

Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы согуштун башталгандыгына төрт айдан ашып калды. Израиль армиясы алгачкы күндөрү эле согуштун эрежесин бузуп, коргонуу позициясынан чабуулга өттү. Бирок бул жаңжал басаңдамак тургай, кайра күч алууда. Биз Израиль-Палестина жаңжалын жакшы билген белгилүү коомдук ишмер, Кыргызстандын мурдагы Акыйкатчысы, Жогорку Кеңештин бир нече жолку чакырылышынын депутаты жана Малайзиядагы мурдагы элчи Турсунбай Бакир уулу менен маектештик.

– Саламатсызбы, Турсунбай мырза? Израиль менен Палестинанын ачык согушуна жакында 4 айдын жүзү болот. Бирок, Израиль коргонуу позициясынан өтүп, Газага кургактан да, абадан да сокку уруп жатат. Бул чабуулда 30 миңге жакын адам каза болгону айтылууда. Мунун арасында наристелер да көп. Израиль бул аракети менен “Эл аралык согуштун эрежесинен” чыгып, геноцидке барып жаткан жокпу?

– Саламатчылык. Израилди эч качан “коргонуу позициясын карманды” дегенге болбойт. Бул анын жомогу. Ал дайым чабуул позициясында. Биз чабуул позициясын 7-октябрдан эмес, 1948-жылдан бери карашыбыз керек. Израиль түзүлгөндөн бери чабуул, агрессия жасап келе жатат. Бул жерде коргонгондор палестиналыктар болууда. ХАМАСты жамандагандар мени кечирип койсун, Израиль басып алып жатса, Палестина коргонууга өткөн болсо, алар улуттук боштондук үчүн күрөшүп жатат да.

Израиль 76 жылдан бери арабдардын жерин басып алып, өзгөчө Палестинаны кырып жатат. Учурда Израиль “Палестина бизге кол салды. Биз жооп катарында өзүбүздү коргойбуз” деген жүйө менен Палестинаны кырып жатат. Азыр палестиналыктардын 30 миңге жакыны шейит кеткен болсо, анын 70 пайызы жаш балдар жана аялдар. Бул жерде чындыгында эле бет тырмачылык бар. Негизи, Палестина биринчи жолу көтөрүлдү. Эгерде теңме-тең карай турган болсок, анда ХАМАСты куралдандыруу керек, ошондо теңме-тең согуш жүрөт. Азыр Израилдин учактары келип бомбалап, аскерлери заманбап курал менен кырып жатат. Ал эми Палестинада эч нерсе жок.

Ошондуктан бул жерде чабуул позиясын гана көрүүгө болот. Бүткүл дүйнөлүк коомчулукту каратып туруп Израиль геноцидке барып жатат. Булардын максаты Палестинаны кырып, жерлерин өздөрүнө бошотуп алуу.

– ХАМАС менен Израилдин согушу башталгандан бери, бир нече жолу ок атышпоону макулдашып, барымтадагыларды алмашышты. Азыр деле айрым өлкөлөрдүн ортомчулугу менен ок атышпоону макулдашуу сунушталып жатат. Эгер израилдик туткундардын баары бошотула турган болсо, согуш дагы кандай өңүттө өнүгүшү мүмкүн?

– ХАМАС барымтадагыларды толук берип салса да жаңжал токтобойт. Сионисттик режимге эч качан ишенич жок. Муну дүйнө жүзү боюнча билишет. Ошол эле мезгилде согуштун өзүнүн принциптери бар. Азыр баскынчы Израиль болууда. Палестинада эл геноцидке учурап, кырылып жатат. 2 жарым миллион калктын 1,8 миллиону отурукташкан жеринен көчүрүлдү. Жерлерин бомбалап жатат. Чек аралар жабык. Иордания, Сирия бүт баары тосуп алган.

Анан ХАМАС аргасыз Израиль режими менен сүйлөшүү, согушту токтотуу үчүн израилдиктерди барымтага алышты. Барымтадагыларды алмашууда 1 палестиналыкка 3 израилдик алмашылды. Бул жерде “канчага канчаны алмашты эмес” кеп Израиль режиминин куулугунда болуп жатат. Азыр өздөрүнүкүн бошотуп жатат, ошол эле учурда согушту токтотпой, аял, эркек, балдарга карабай камап жатат. Демек, түрмөдөгү бошогон орун кайра эле палестиналыктар менен толуп жатат.

Экинчиден, израилдик туткундардын туугандары Нетаньянху менен сүйлөшүүгө барып, “ХАМАС менен сүйлөш, согушту токтот, биздикилерди бошот” деген талабын коюп жатат. Мисалы, азыр ХАМАС барымтадагыларын баарын берип койсо, Нетаньянхуну ким токтотот?

– Түштүк Африка республикасы согуш кылмыштары боюнча Израилди Гаага сотуна берди. Ислам өлкөлөрүчү?

– Бул маселеде араб өлкөлөрүнүн позициясы ар башка. Анткени, бардыгы АКШ менен жакшы мамиледе. Кээ бир араб мамлекеттеринде Американын базалары бар. Мисалы, Американын базасы Иракта, Иорданияда, Сирияда бар. Бирок, Америка кимди колдоп жатат? Израилди колдоп жатат.

Анын үстүнө, араб өлкөлөрүнүн эли гана эмес, дүйнө эли да Палестина тарапта болгону менен тилекке каршы, ал кароосуз калып жатат. Ислам өлкөлөрүнүн ортосунда биримдик жок. Болбосо, ислам мамлекеттери бир Израилди тыйып койсо болмок. Ошого карабастан Түркия, Иран, Катар , Малайзия төрт мамлекет Израилге катуу каршы чыгууда. Бирок, булар араб өлкөлөрү эмес.

– Эгер араб өлкөлөрү же жалпы мусулман мамлекеттери бирдиктүү позицияга өтүп, Палестинага жардам бере турган болсо, анда Израиль-Палестина жаңжалы токтошу мүмкүнбү?

– Албетте, таасир этет. Америка чыгып “Аскердик кемелеримди алып келип койдум. Эгер үчүнчү мамлекет Палестинага болуша турган болсо, мен аларга согуш ачам” деп эскертпедиби. Палестинанын айланасында араб мамлекеттери бар. Бул жагы Түркия, ал жакта да Американын базасы бар. Ирандын жанында Ирак бар. Эгер Палестинага бир араб өлкөсү, Түркия же Иран жардам берсе, биз согуш ачабыз деп жатат Америка. Ага бардыгы эмес, Европа кошулду. Ошондуктан баары азыр “биз киришсек согуш баштылып кетет” деген пикирде. Чындыгында, дүйнө үчүнчү согуштун алдында турат. Муну Жириновский да айтып кеткен.

Ошондуктан, болушунча дипломатиялык жол менен чечүүгө аракеттер болуп БУУ, башка күчтүү өлкөлөр киришип жатат. Бирок, Израиль баары дүйнөлүк согуштан коркуп жаткандыгын түшүнүп, Израиль кепке келбей жатат. Болбосо, БУУнун эл аралык соту Израилди геноцид деп тааныды. Муну Израиль көзгө илген жок. Бул жерде азыр бир эле жол калды, башка мамлекеттер Палестинага курал бериши керек же Газага БУУнун тынчтыкты көздөгөн аскерлери кириш керек.

– Йемендеги хуситтер (Ансар Аллах) палестиналыктарга тилектештик билдирип, Кызыл деңизде Израилдин жана ага колдоо көрсөткөн өлкөлөрдүн кемелерин аткылап жатышат. Жакында эле, АКШ менен Улуу Британия Йеменге сокку урду. Бул кадам Батыш Азияда жаңы жаңжалдын чыгышына алып келбейби?

– Йемен Израилге каршы коркпой согуш ачты. Мындан улам аймакта жаңы жаңжалдардын келип чыгыш ыктымалдуулугу бар. Анткени, хуситтер аягына чейин согушабыз деп айтты. Демек, булар бир-эки күндө багынбайт. Америка менен Англия башка өлкөлөрдү кошуп, Йеменге өзүнүн согушун токтотпойт. Бирок, Батыш Азия аймагында Йеменди колдогон күчтөр да бар. Бул жерде Палестинадан айырмаланып Йеменде курал бар. Ошол эле маалда туш тараптан жардам келиши мүмкүн. Эгерде Америка менен Англия акылына келбесе, дүйнөлүк согушка айланып кетиши мүмкүн.

– Кээ бир мамлекеттер Палестинаны ачык колдоп келишет. Алардын арасында Иран да бар. Быйыл Ислам революциясынын жеңишине 45 жыл толот. Ислам революциясы Иранга жана аймактардагы өлкөлөргө кандай таасирин тийгизди?

– Жогоруда айтып өткөндөй, Палестинаны эскиден колдоп келе жаткан мамлекеттердин сап башында Иран турат. Мунун катарында Түркия, Малайзия, Катар да бар. Эми, мисал келтирейин, Түркияны билебиз, өзүнүн жарандарынын өмүрүн тобокелге салып, деңизден жардам бергенге аракет кылганда израилдик аскерлер түркиялык активисттерди өлтүрүп койгон. Давостогу дүйнөлүк экономикалык форумда Эрдоган Израилдин президентине катуу айтып “Силер Палестинаны кырып жатасыңар. Мен мындай форумга катышпаймын” деп нааразычылыгын айтып чыгып кеткен.

Малайзия алыс болсо да, дайыма Палестинаны колдоп турат. Ал жерде Палестинанын элчилиги бар. Иран эскиден колдоп, керек болсо, Ислам революциясынын негиздөөчүсү Имам Хомейнинин керээзи катарында орозо айынын акыркы жума күнү Палестинага (Аль-Кудс) арналат.

Азыр, Ирандын ыңкылабынын маарекеси өткөрүлүлүп жатат. Кээде Иранга конференцияларга барып турам. Иранда азыр жашоо өзгөргөн. Мисалы, Иран бүгүн 40 жылдык санкцияга карабай өнүгүүнүн жолунда. Санкция максатына жеткен жок. Иранда курулуштар жүрүп жатат, көп кабаттуу үйлөр, завод, фабрикалар курулууда, автомашиналар чыгып жатат. Жаштар билимдүү болуп, тышкы саясатта да көп ийгиликтерге жетишип жатат.

Мисалы, ШКУнун мүчөлүгүнө кирүү аракети көрүлүп жатат. Мен Жогорку Кенеште эл аралык комитетти башкарып турганда “ШКУнун мүчөлүгүнө Иранга макул болуш керек” деп бир нече жолу айткам. Себеби, Иран эч ким менен согушкан жок. Дагы бир айта кетүүчү нерсе, биздин Кыргызстан 30дан ашуун мамлекетке визасыз кирүү режимге шарт түзүп койгон. Бирок, жаныбыздагы Иран мамлкетине бул жеңилдик каралган эмес. Ошондуктан Иранга визасыз режимди киргизели, бул мамлекет да биздин экономиканы өстүрүүгө жана туризимге салым кошот деп сунуштап келем.

– Турсунбай мырза, маегиңиз үчүн чоң рахмат.

Маектешкен Турдайым Кожомбердиева.

Комментарий жиберүү