Бир тараптуу санкциялар, өзөктүк курал… Пезешкиандын БУУнун Келечек саммитинде сүйлөгөн сөзү

Бир тараптуу санкциялар туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүгө тоскоол болууда.

Бул тууралуу Ирандын президенти Масуд Пезешкиан 23-сентябрда, АКШнын Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында өтүп жаткан Келечек саммитинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

“Бир тараптуу санкциялар туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүдөгү прогресске тоскоол болууда, бул  келечекте күчүнө кире турган бардык документтерде эске алынышы керек”, – деди ал саммитинде сүйлөп жатып.

Ирандын президенти ошондой эле БУУнун баш катчысына бир тараптуу санкциялардан жапа чеккен өлкөлөр менен кызматташтыкта ​​бул маселе боюнча Башкы Ассамблеяга кеңири доклад берүүнү сунуштады.

“Биз өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн чечимдерди кабыл алуу жана ченем жаратуу ишмердүүлүгүнө  катышуусун камсыз кылуу үчүн эл аралык каржы институттарын башкаруу түзүмүндө чукул реформаларды жүргүзүүгө чакырабыз”, – деп кошумчалады Пезешкиан.

Иран президенти ошондой эле көп тараптуулуктун символу катары БУУнун статусун баса белгилеп, бекемдөөгө чакырды.

“Борбордук милдет – көп тараптуулуктун символу катары БУУнун ролун жана статусун баса белгилөө жана бекемдөө. Биз ошондой эле БУУнун Уставынын принциптерин сыйлоого жана сактоого көмөктөшүшүбүз керек”, – деди ал.

Мындан сырткары, Пезешкиан Иран дүйнөнү өзөктүк куралдан эркин кылгысы келерин айтты.

“Биз бүткүл дүйнөнү өзөктүк куралдан эркин кылгыбыз келет. Ошондой эле Жакынкы Чыгышты эч кандай шартсыз массалык кыргын салуучу куралдан тазалагыбыз келет”, – деди Пезешкиан.

“Терроризмдин курмандыгы катары биз ар дайым бул көрүнүшкө (терроризмге – ред.) каршы күрөштүн алдыңкы сабында болуп келгенбиз. Биз ар дайым террорчкларга каршы болгондордун тарабындабыз. Иран мамлекеттердин ресурстары социалдык прогресске жетүү жана жалпы чакырыктарды жеңүү үчүн жалпы жыргалчылык үчүн колдонула турган туруктуу, коопсуз аймакты жактайт.”, – деди өлкө башчысы.

Буга чейин Пезешкиан Иран өзөктүк курал жасоого умтулбай турганын, тескерисинче, Биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планы (өзөктүк келишим) боюнча милдеттенмелерин аткарууга кайтууга даяр экенин билдирген.

Келечек саммити 22-сентябрдан 23-сентябрга чейин БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында Башкы Ассамблеянын 79-сессиясынын жалпы саясий дебаттарынын алдында өттү.

Иш-чаранын негизги максаты – глобалдык чакырыктарды талкуулоо жана дүйнөлүк лидерлер, эксперттер жана жарандык коом тарабынан жамааттык чечимдерди иштеп чыгуу болуп саналат.

Комментарий жиберүү