“Хезболланын” лидери Хасан Насралла каза болду

Ливандык “Хезболла” кыймылынын лидери Хасан Насралла Израилдин абадан жасаган соккусунан каза тапты.

Бул тууралуу ирандык маалымат каражаттары жазды.

Насралла 27-сентябрь кечинде Израилдин аба күчтөрүнүн «Хезболланын» Бейруттагы башкы штабына сокку урганда өлтүрүлгөн.

“Хезболла” кыймылы Хасан Насрулланын өлүмүн расмий тастыктады.

“Хезболланын” баш катчысы Сейид Хасан Насрулла отуз жылдан ашуун убакыттан бери өзү жетектеген шейиттерге кошулду”, – деп айтылган уюмдун маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Күн мурун кечинде Бейрутта онго жакын жардыруу болгон. Израилдик күчтөр Бейруттун Дахия районундагы турак үйлөрдүн жанында жайгашкан “Хезболланын” башкы штабына таамай соккуларды урганын билдирген. Анын кесепетинен алты көп кабаттуу турак-жай толугу менен талкаланып, жеринде чоң чуңкур пайда болгон. Каза болгондор менен жарадарлардын так саны азырынча тактала элек.

Тель-Авив чабуулдан бир нече мүнөт мурун АКШга чабуул тууралуу эскерткенин израилдик аткаминер билдирди. Ошол эле учурда президент Жо Байден Вашингтон операция тууралуу билбегенин жана ага катышпаганын билдиргенин бир катар ЖМКлар жазышты.

Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи “Хезболланын” лидери Хасан Насрулланын өлүмү үчүн Израиль жазаланарын билдирди.

Хаменеинин айтымында, Израилдин жетекчилиги мындай аракет менен өзүнүн көрөгөч эместигин көрсөттү.

Ислам Республикасынын жогорку лидери ЦАХАЛ Ливандагы “Хезболлага” олуттуу зыян келтирүү үчүн алсыз экенин кошумчалады.

Ирактын премьер-министри Мухаммед ал-Судани Насралланын өлүмүнө байланыштуу Иракта үч күндүк жалпы аза күтүү жарыялоого буйрук бергенин өкмөт башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Израиль-Ливан чыр-чатагынын курчушу 

Израиль-Ливан чек арасындагы кырдаал 2023-жылдын октябрында Израиль Газа тилкесинде операция баштагандан кийин курчуп кеткен. Кырдаалдын ого бетер курчушу 17-18-сентябрда Ливандын ар кайсы райондорунда бир учурда байланыш жабдуулары: биринчи пейджерлер, эртеси рациялар жардырылгандан кийин орун алган. Маалымат каражаттары жазгандай, жарылган аппараттарды негизинен “Хезболланын” мүчөлөрү колдонгон. Расмий маалыматтар боюнча, чабуулдан 37 адам каза болуп, 3000ден ашууну жарадар болгон. Ливан бийликтери жана “Хезболла” чабуул үчүн Израилди айыптаган. Тель-Авив бул окуяга тиешеси бар экенин тастыктаган да, четке каккан да жок.

Андан бери израилдик авиация бир нече күндөн бери Ливандын түштүгүндөгү жана чыгышындагы калктуу конуштарга массалык сокку урууда. Ондогон кыштактар ​​жана бир катар райондук калктуу пункттар чабуулга дуушар болду.

Комментарий жиберүү