Талибан Борбор Азия өлкөлөрү менен кандай долбоорлорду ишке ашырат?

Борбор Азия өлкөлөрү Ооганстан менен экономикалык жана саясий байланыштарды сактап, талиптерди террорчулардын тизмесинен чыгарууга даяр. Asia Today маалымат агенттиги Борбор Азия мамлекеттери менен Кабул кандай долбоорлорду ишке ашырууну көздөп жатканы тууралуу макала жарыялады.

Казакстан жана Ооганстан: кызматташтыктын негизги багыттары

Казакстан Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу Ооганстандын азыркы бийлигин колдоп, алар менен тыгыз мамилесин уланта баштады.

Серепчилер эки тарап тең Кабул менен соода алакасын чыңдоого кызыкдар экенин белгилешүүдө, бул алардын геосаясий жана ички тобокелчиликтерге карабастан ар түрдүү тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендигин тастыктайт.

Ооганстан Казакстандын маанилүү соода өнөктөшүнө айланууда. Казак компанияларынын Ооганстандын аймагындагы экономикалык долбоорлорго катышуусу, анын ичинде транспорт, тоо-кен, телекоммуникация жана айыл чарба тармагы негизги планга киргизилген.

Мындан тышкары, Ооганстандын инфраструктурасын калыбына келтирүүгө жардам бере турган автоунааларды жана курулуш материалдарын жеткирүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Өзбекстан жана Трансафган темир жолу

Өзбекстан да Кабулдун азыркы бийлиги менен кызматташууну активдүү өнүктүрүүгө өттү.

2023-жылдын июль айында Ташкент, Исламабад жана Кабул Трансафган темир жолун куруу боюнча протоколго кол койгон. Бул магистрал Өзбекстандын темир жол тармагын Пакистан менен байланыштырат, аталган аймак өлкөлөрдүн ортосундагы логистикалык байланышты жакшыртууда маанилүү кадам болот.

Бул долбоорго Казакстан да кызыгып, жолдун курулушуна катышуу менен ага керектүү материалдарды жеткирүү мүмкүнчүлүгүн карап чыкты.

Аталган долбоор ишке ашса, жүктөрдү жеткирүү мөөнөтүн кыйла кыскартып эле койбостон, Борбор Азия менен Түштүк Азиянын ортосундагы экономикалык байланыштарды жакшыртат деп күтүлүүдө.

Кыргызстан жана Ооганстан: бизнестин жаңы мүмкүнчүлүктөрү

Кыргызстан 2023-жылы Ооганстан менен мамилени өнүктүрүү боюнча аракеттерин күчөтүп, кызматташуунун негизги маселелерин талкуулоо үчүн бир нече делегацияларды жөнөткөн. Өлкөлөр өз ара кызматташууга ниеттенген тармактардын арасында соода, инвестиция, транспорт, айыл чарба жана энергетика тармактары бар.

Ооган ишкерлери Кыргызстандан Ооганстандагы экономикалык абалды жакшыртууга жардам бере турган фармацевтикалык продукцияларды, кант, текстиль жана электр лампаларын алып келүүгө кызыкдар экенин билдиришкен.

Ооганстан: жаратылыш ресурстарынын запастары жана келечеги

Ооганстан эл аралык инвесторлор үчүн потенциалдуу кызыктыруучу жаратылыш ресурстарына ээ.

Өлкөдө 2,2 миллиард тоннадан ашык темир рудасы, ошондой эле электромобилдердин жана башка электрондук приборлордун аккумуляторлорун өндүрүүдө колдонулуучу литийдин запастары бар. Литийдин эң ири запастары Парун рудасынын кластеринде топтолгон – 3 миллион тоннага жакын литий оксиди.

Мындан тышкары, өлкөдө сейрек кездешүүчү металлдардын, анын ичинде церийдин, лантандын, танталдын жана ниобийдин запастары көп.

Талибдердин статусун өзгөртүү жана аймакка тийгизген таасири

2021-жылы талиптер бийликке келгенден кийин Борбор Азия өлкөлөрүнүн Ооганстанга болгон мамилеси өзгөрө баштады.

Эгер мурда Ооганстан аймактагы терроризм жана баңги аткезчилиги менен байланышта болсо, азыр аймактагы өлкөлөр аны маанилүү экономикалык өнөктөш катары көрүшөт. Өзбекстан талиптерди террордук уюмдардын тизмесинен чыгаруу мүмкүнчүлүгүн азыртадан эле талкуулап жатат жана бул багытта Ташкент гана аракеттенген жок.

Мисалы, ушул жылдын сентябрь айынын башында Кыргызстан талиптерди террордук уюмдардын тизмесинен чыгарган.

Орусия да талиптерди террорчулардын тизмесинен чыгарууга кызыкдар экенин билдирген.

Бул – Талибан өкмөтүн эл аралык аренада таанууга карай маанилүү кадам болушу мүмкүн, бул өз кезегинде Ооганстандын коңшулары менен соода-экономикалык интеграциясын жеңилдетип, Борбор Азия менен экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө болот.

“Радикалдуу Талибан кыймылын террордук уюмдардын тизмесинен чыгаруу боюнча фундаменталдуу чечим эң жогорку деңгээлде кабыл алынган, бирок дагы эле керектүү юридикалык процедуралар аткарылышы керек”.

Бул тууралуу орус президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов журналисттерге билдирди.

Ооганстанда эл аралык коомчулукка толук интеграциялануу үчүн көп нерсе керек.

Анткен менен алгачкы кадамдар жасалды жана Борбор Азия өлкөлөрү муну аймактык туруктуулукту жана экономикалык өсүштү бекемдөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр катары көрүшөт.

Комментарий жиберүү