UNRWA: Газа жашоого жараксыз чөлгө айланды

Газа тилкеси жашоого жараксыз чөлгө айланды.

Бул тууралуу БУУнун Жакынкы Чыгышта палестин качкындарына жардам берүү жана ишти уюштуруу агенттигинин (UNRWA, БАПОР) башкы комиссары Филипп Лаззарини Берлинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

“Газа дээрлик жашоого мүмкүн эмес болгон чөлгө айланды”, – деген Лаззарининин сөзүн Катардын Al Jazeera телеканалы келтирди.

UNRWAнын башчысы Израилдин Палестина аймагындагы согушунан улам кеңири аймактар ​​талкаланган Газада кайрадан ачарчылык болушу мүмкүн экенин белгиледи.

“Тилекке каршы, биз ачарчылык же курч жетишсиз тамактануу кайрадан ыктымал болгон кырдаалга кирип жатабыз”, – деди БУУнун комиссары.

Ал ошондой эле алдыда келе жаткан кыш жана Газа калкынын алсыз иммундук системасы “өлүмгө дуушар кыла турган комбинация” болорун кошумчалады.

UNRWA – саламаттыкты сактоо, билим берүү жана микрофинансы тармактарында палестиналык качкындарга жардам көрсөткөн БУУнун агенттиги. Уюм Сирияда, Ливанда, Иордан дарыясынын батыш жээгинде, Иерусалимде жана Газа тилкесинде кызмат көрсөтөт.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 2023-жылдын 7-октябрынан кийин кескин курчуп кеткен. Израиль ХАМАСтын “Аль-Акса бороону” операциясына жооп катары Газаны толук блокадага алганын жарыялап, ага жана Ливан менен Сириянын айрым аймактарына сокку ура баштаган, андан соң анклавда кургактан операция баштаган.

Андан бери бир жылдын ичинде Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 42,4 миңден ашуун адам каза болуп, 99,1 миңден ашууну жарадар болгон.

Израилдин Газада жүргүзгөн согуштук аракеттери адам өмүрүн алып гана тим болбостон, ошондой эле Газанын талкаланып, урандыга айланышына алып келди.

Израилдин чабуулдарынан Газа тилкесине келтирилген зыян 14-20 миллиард долларды түзөрүн Дүйнөлүк банктын президенти Ажай Банга билдиргенин Reuters агенттиги жазды.

БУУнун Спутник борбору (ЮНОСАТ) сентябрдын аягында Газа тилкесиндеги бардык имараттардын болжол менен 66%ы же 163,000ден ашууну былтыр 7-октябрдан бери анклавдагы жаңжалда талкаланган же зыянга учураганын билдирген.

БУУнун эсеби боюнча Газа тилкесин калыбына келтирүү 80-90 миллиард долларга бааланат, ал эми  инфраструктураны реконструкциялоо үчүн жети-сегиз жыл керектелерин Палестинанын Россия Федерациясындагы элчиси Абдель Хафиз Нофал «Известия» гезитине берген маегинде билдирген.

Комментарий жиберүү