Ирандын президенти: Улуттук валюталарды колдонуу бардыгы үчүн пайдалуу

Улуттук жана санариптик валюталарды колдонуу ошондой эле Жаңы өнүктүрүү банкынын кубаттуу болушу бардыгы үчүн пайдалуу.

Бул тууралуу Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Казанда өткөн БРИКС саммитинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Иран бул биримдиктин туруктуу мүчөсү катары БРИКС саммитине биринчи жолу катышты.

“Соода үчүн улуттук валюталарды, жаңы банк платформаларын, санариптик валюталарды колдонуу, Жаңы Өнүктүрүү Банкын жана күтүлбөгөн жагдайлар үчүн резервдик механизмдерди бекемдөө бардыгы умтулуп жаткан жакшы дүйнөнү түзө алат”, – деди Пезешкян.

Ирандын президенти БРИКС саммитинин кеңейтилген форматтагы жыйынында биримдикке мүчө өлкөлөрдү АКШ долларынан көз карандысыз коммерциялык эсептешүү системасын түзүүгө да чакырды.

22-октябрдан 24-октябрга чейин Казанда мамлекет башчыларынын катышуусунда өткөн БРИКСтин XVI саммити аяктады.

Саммиттин биринчи күнү, 22-октябрда Россиянын президенти Владимир Путин биримдикке кирген өлкөлөрдүн лидерлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү, экинчи күнү БРИКС саммитинин (адегенде тар чөйрөдө, андан кийин кеңири курамда) төрагалык кылып, ал Казань декларациясын кабыл алуу менен жыйынтыкталды.

Саммиттин акыркы, үчүнчү күнүндө “аутрич”/“БРИКС плюс” форматында жолугушуулар болуп, ага биримдик менен кызматташууга кызыкдар болгон мамлекеттердин лидерлери да катышты: Азербайжан, Армения, Беларусь, Боливия, Венесуэла, Вьетнам, Казакстан, Кыргызстан, Лаос, Мавритания, Палестина, Конго Республикасы, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстан, ошондой эле БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш.

Саммиттен кийин Путин жыйынтыктоочу маалымат жыйынын берди.

Комментарий жиберүү