Садыр Жапаров БРИКС саммитинде: Кыргызстан адилеттүү жана басмырлоосуз экономикалык тартипти жактайт

Президент Садыр Жапаров 24-октябрда Казань шаарында өтүп жаткан XVI БРИКС+ саммитинин кеңейтилген форматтагы биринчи пленардык жыйынында сөз сүйлөдү.

“Кыргызстан адилеттүү жана басмырлоосуз эл аралык экономикалык тартипти, дүйнөлүк экономиканын жыргалчылыктарына жана заманбап технологияларга жалпы жеткиликтүүлүктү жактайт. БРИКС трансчек аралык төлөмдөрүнүн альтернативдүү механизмдерин, санариптик мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен жаңы финансылык инструменттерди иштеп чыгуу, төлөм инфраструктурасын өркүндөтүү регионалдык жана глобалдык масштабда сооданын өсүшүнө жана натыйжалуулугуна өбөлгө түзөт деп ишенем”, – деди Садыр Жапаров.

Президент Кыргызстан Жаңы өнүктүрүү банкы менен, өзгөчө БРИКС өлкөлөрүндөгү жана башка өнүгүп келе жаткан мамлекеттердеги инфраструктуралык долбоорлорду жана туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун каржылоонун алкагында кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи. Ал жакырчылыкты жоюу, инфраструктураны өнүктүрүү жана глобалдык чакырыктарга туруктуулукту жогорулатуу максатында банктын ролу өсөт деген ишенимин билдирди.

Сөзүнүн аягында президент Садыр Жапаров өлкөнүн күн тартибинде турган негизги маселелерди чечүү боюнча жамааттык аракеттерге салым кошууга даярдыгын жана элдердин жыргалчылыгы үчүн достукту жана өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн иш-чаранын катышуучулары менен көп пландуу кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар экендигин билдирди.

Садыр Жапаров БРИКС уюмуна катышуу үчүн Казан шаарында 23-октябрда барган.

БРИКСтин саммити 22-октябрдан 24-октябрга чейин өттү. Ага 36 өлкөнүн жана алты эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышты.

БРИКС 2006-жылы түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. Орусия 2024-жылдын 1-январынан бери БРИКСке төрагалык кылууда. Жыл биримдикке жаңы мүчөлөрдүн кириши менен башталды – Россия, Бразилия, Индия, Кытай жана Түштүк Африкадан тышкары азыр ага Египет, Эфиопия, Иран, БАЭ жана Сауд Арабия кирет.

Комментарий жиберүү