Жалган жалаа айып пул менен оозукталабы?

Жогорку Кеңеш  19-декабрдагы жыйынында интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.

Бул мыйзамды 68 депутат колдоп, анын ичнен төрт эл өкүлү каршы добуш беришти. Алар Элдар Абакиров, Жанар Акаев, Сеидбек Атамбаев жана Дастан Бекешев.

Мыйзам долбооруна президент кол койгондон кийин мазактоо жана жалаа жабуу боюнча арыздарды Ички иштер министрлиги кабыл алып, протокол түзүп, сотко жиберет. Арыздын негизинде иш каралып, жалаа жабуу далилдене турган болсо, жалган маалымат тараткан адамга 20 миң сом, андай маалыматты чыгарган медиаларга 65 миң сом айып пул салынат.

Бул мыйзам долбоорун Маданият министрлиги сунуштаган баштапкы вариантында айып пулдун суммасы жеке жактарга 100 миӊ сом, юридикалык жактарга 200 миӊ сом болчу. Бул коомчулукта нааразылыкты жаратып, кийин айып пул азайтылып, арыздарды карай турган орган алмашкан.

Буга Президент Садыр Жапаров да убагында реакция жасап, «Кабар» агенттигине маек берген.

Президент маек берип жатып «Бул мыйзамды Маданият министрлиги сунуштаган экен. Мен кечээ социалдык түйүндөрдө талкуу болуп жаткандан кийин билдим. Менин оюмча, кайра чакыртып алыштын кереги жок. Анткени бул азырынча долбоор гана. Ошол эле депутаттар же ММКлар болобу, сунуштарын берсин, алымча-кошумча кылышсын. Мен дагы 100 миң, 200 миң сом айып пул салуу дегенге каршымын. Муну парламенттин кароосуна коюш керек. Канча айып пул салыш керек аны депутаттар чечет»,- деген.

“Укук бузуулар жөнүндө” кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Министрлер кабинети иштеп чыккан мыйзам долбоору ушул жылдын 27-августунда коомдук талкууга коюлган. Анда мыйзамды аткаруу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөнү айтылган.

Ал эми коомчулук, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү бул мыйзам долбоору кабыл алынып, күчүнө киргенден кийин өзүнүн пикирин ачык айткан жарандардын жана эркин медиалардын укуктарын чектеп, сөз эркиндигине доо кетет деген пикир менен каршы болуп, бир катар кайчы пикирлер жаралган.

Интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорунун мыйзамдаштырылышы сөз эркиндигин чектеши мүмкүнбү?

Чолпонбек Абыкеев, президенттин кеңешчиси:

“Айып пул салуу боюнча мыйзамдын кабыл алынышы сөз эркиндигин чектебейт”

-Сөз эркиндигинин жана демократиянын башкы принциби бул мызамдуулукту кыйшаюсуз сактоо болуп эсептелет. Эгер мыйзамдуулук сакталбаса, анда демократия анархияга айланып кетет. Адамдарга жалган жалаа жабуу, орунсуз мазактоо, бул мыйзамды одоно бузгандык болуп эсептелет. Демек, интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салуу боюнча мыйзамдын кабыл алынышы сөз эркиндигин чектебейт. Болгону каламгерлерге мыйзамды сактай билүүнү үйрөтөт.

Турсунбай Бакир уулу, коомдук ишмер:

“Бул мыйзамдын негизи менен жоопкерчилик күчөйт”

– Жогорку Кеңеш жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча кабыл алып жаткан мыйзам долбоорун колдойм. Бул мыйзамдын негизи менен жоопкерчилик күчөйт. Муну массалык маалымат каражаттары сезиш керек. Анткени айрым журналисттер же блогерлер кээ бир маалыматтарды бурмалагандыгын көрүп эле жүрөбүз. Алар кимдир-бирөөнүн пикирин бурмалоо менен сенсация жараткысы келет. Мындай жол менен коомчулукту дүрбөлөңгө салууга болбойт.

Жыргалбек Касаболот, журналист:

“Кеп мыйзамда эмес, аткарылгандыгында”

-Кеп мыйзамда эмес. Кеп аны ким жана кандай аткарганында, канчалык тегиз иштегенинде. Фейктер жана троллдор боюнча мыйзам деле бийлик өкүлдөрүн же колунда барларды колдогондорго каршы иштеген жок. Троллдор армиясын эч кайсы жерде жөнөкөй адамдар жалдай албайт. Же бийлиги же байлыгы бар адамдар жалдайт. Ошондуктан бийлик маселени чечкиси келсе, биринчи иретте өзүн колдоп сөгүнгөндөрдү, коркутуп-үркүткөндөрдү, башкаларга акаарат келтиргендерди жазалоодон башташы керек.
Бирок, андай кылаарынан шегим бар. Анткени анда өз колун өзү кескен болот. Андыктан биздин шартта мындай мыйзамдар бийликтин гана пайдасына иштейт.

Шайырбек Абдырахман, журналист:

“Бул мыйзам сөз эркиндигин чектей албайт”

-Менимче бул мыйзам сөз эркиндигин чектей албайт. Чындык сөз болсо ар дайым айтылып келген жана айтылат. Чындыкты жана далилдүү фактылар менен айтылган сөз соттун алдында да тастыкталат. Ооба, кайсыл бир тараптар сөзсүз бул мыйзамды өзүнүн айрым мыйзамсыз жасаган иштерине коргоочу катары колдонгусу келиши да мүмкүн. Бирок башта айткандай ал иш соттук териштирүүлөрдө жараксыз болот деп ойлойм. Бүгүн тилекке каршы соц. тармактарда жалаа жабуу, бир нерсени тактабай туруп талашып же жазып жиберүү, кайсыл бир тараптын кызыкчылыгы үчүн финансылык каражат алып, бир тараптарды жамандоо деген сыяктуу иштерди да угуп жүрөбүз. Бул мыйзам мына ушундай ниеттеги немелерге карата колдонулушу керек деп ойлойм.

Даярдаган Турдайым Кожомбердиева